Министрлер кабинети Кыргызстандын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Анын максаты Кыргызстандын аймагында кыргыз жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта), кыргыз жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун киргизүү.

Токтом менен Кыргыз Республикасынын жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы –  паспорту (ID-карта) жөнүндө жобо, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобо кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун берүү ушул паспорттордун бланктары аяктаганга чейин жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун берүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортторунун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторунун бланктары аяктагандан кийин жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун жекелештирүүгө ыйгарым укук берилди.