Маданият министрлиги

Чолпон Шаикова Шанхай кызматташтык уюмунун «Маданий интеграция борбору» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын директору болуп иштеген.

 

1993-жылы Улуттук университетти тарых факультетинин тарых жана коом таануу мугалими адистиги боюнча аяктаган.

2014-2018-жылдары Чолпон Шаикова Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоого жана өткөрүүгө медиа координатор катары катышкан. 2023-2024-жылдары Чүй телерадиоберүү компаниясынын СТВ телеканалынын директору болгон.

Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясында жана World Ethnogames коомдук фондунда пиар-менеджер болуп да иштеген.

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты, жаштар бирикмелеринин төрайымы, Кызыл Чырым жана Жарым Айдын Ысык-Көл райондук комитетинин бөлүм башчысы болгон.