Эсибизде, 3 миллиард сом салыктан солго солонгону жарыяланып, чоң резонанс жаралган. Төрага Алтынбек Абдувапов, орун басары жана шаардын төрт начальниги камакка алынган. Айрым булактарда 30 миллиард сом “желгени” жарыяланган эле го?

Айтор, мамлекеттик деңгээлде жаңжал чыгып, өкмөт башчы Акылбек Жапаров да ыргып кеткен. Эл арасы дуулдап, милларддардын кайда кеткенине кызыгуулар жаралганы менен аягы сууп барып токтоду. Бишкек шаарынын салык башкармалыктарынын начальниктери камактан бошоп кеткени кабарланган.

Акылбек Жапаров моралдык жактан гана айыпталып, ээлеген кызматынан кеткени менен “кулакмурду тынч” эс алып жатат. Салык кызматына төрага кылган кадры Алтынбек Абдувапов камакта.

Айтор, “кашасы чалынган”, бирок толук кандуу жоопкерчилик жок. Коомчулукта Акылбек Жапаровдун камалбай калкаланып калганына таңгалгандар арбын. Сыягы, анда көп компроматтар бар экени айтылып, ошонун күчү менен абактан жанын сактап, кылы кыйшайбай жүргөнү божомолдонууда.

Ал Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарына кирерин тестиер балдардан бери билишет. Бирок башкаларга иштеген “кустуруу операциясы” буга келгенде эле токтоп калганына таңданасың. Сыйкыры барбы, же чын эле колундагы “көзүрү” ушунчалык таасирдүү беле?

Булак: "Азия Ньюс" гезити