Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов административдик районунун башчысынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары Асанов Калыбек Дуйшөнбекович ээлеген кызматынан бошотулду.

Анын ордуна Турсунов Жолдошбек Атабекович  дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.