Кылычбек Султан Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты 8-июлда Президенттик администрациядан тастыкташты.

Буга чейин ал Малайзияда, ошондой эле Түштүк Кореяда элчилик кызматтарды аркалаган. 

Буга чейин Пакистандагы элчиси болуп Авазбек Атаханов иштеген — 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын май айына чейин.