Суу ресурстары кызматынын директору алмашты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Жумаев Нурлан Кадырович суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын директору кызмат ордунан бошотулду.

Ал эми Жээналиев Алмаз Жээналиевич суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын директору кызмат ордуна дайындалды.

Тиешелүү тескемелерге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.