Президент Садыр Жапаров 2-июлда иш сапары менен Москва шаарына барат.

Президент Садыр Жапаровдун жана президент Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат.