Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевдин баш коргоо чарасы бир айга узартылды. Бул тууралуу Талас шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, экс-депутат 9-июлга чейин камакта болот.

Эске салсак, Кенжебек Бокоев коррупцияга шектелип кармалган. Бирок милиция кылмыш ишин козгоонун так себебин билдирген жок.

Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин V жана 6-чакырылышынын депутаты, «Республика Ата Журт» партиясынан шайланган.