Борбордук шайлоо комиссиясы «Ыйман Нуру» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты кылып Муратбеков Табылды Муратбековичти каттады.
Тиешелүү чечим 5-июнда комиссиянын жыйынында кабыл алынган.
Табылды Муратбеков каттоосу жокко чыгарылган Султанбай Айжигитовдун ордуна келди. Муратбеков 1994-жылы 10-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган.
28-мартта БШК Айжигитовдун мандатын кайтарып алган. Айжигитовдун депутаттык мандатынын мыйзамдуулугу тууралуу маселе марттын башында анын кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин айрым пункттарына каршы пикирин билдиргенден кийин келип чыккан.
Ошол эле күнү «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери Динара Ашимова Айжигитов чек ара боюнча айткан пикирин фракция менен макулдашпаганын билдирип, көп өтпөй Айжигитов партиянын курамынан чыгарылган.
19-мартта парламенттин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Айжигитовдун өтмүшүн изилдеп чыкканын айтып, Айжигитов өзүнө карата кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалыматты БШКга билдирбей койгондугун трибунадан жарыялаган.