Чүйдүн Сокулук районундагы ооруканада дарыгерлер кичинекей балага ийне сайып, ВИЧ жуктурган. Бул тууралуу депутат Элдар Абакиров бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал мындай учурлар дагы катталбашы үчүн көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтты.
"Буга көзөмөлдү күчөтүш керек деп ойлойм. Андайга жол бербеш керек", - деди эл өкүлү.
Эл өкүлү баланын жашын тактаган жок.
Булак: koom.press