Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын 27-29-апрелинде Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун Кыргызстанга болгон расмий сапарына канааттангандыгын билдирип, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруунун мындан аркы пландарын талкуулашты.

Анда ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле актуалдуу консулдук маселелер боюнча пикир алмашуу болду.