Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, «Борбор Азия — Европа бирлиги» Биринчи саммитинин жыйынына катышуу үчүн Самарканд шаарынын (Өзбекстан Республикасы) конгресс-борборуна барды.

Мамлекет башчысын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземинен кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга киришти.