Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Курманбек Бакиев кыргыз элин март ынкылабынын 20 жылдыгы жана орозо айт майрамы менен куттуктады.
Урматтуу Кыргызстандыктар! Бир боор кыргыз элим!
Мына бүгүн 2005-жылдагы март ынкылабынын болуп өткөнүнө туура 20 жыл болду.
Март ынкылабы ошол кездеги бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы, өлкөнүн экономикасынын, кыргыз элинин жашоосунун мурда-кийин болуп көрбөгөндөй төмөнкү денгээлге түшүп кеткендигине карата болгон элдин нараазычылыгынан келип чыккан жана дүйнө элине үлгү болгон чыныгы элдик ынкылап болгон.
Андай экенин бир эле өзүбүздүн өлкөнүн жарандары эмес, башка элдер да ушул күнгө чейин айтып келишет.
Колдоруна курал-жарак эмес, плакаттарды көтөрүшкөн интеллигенция топту баштап, аларды мин сандаган калың эл, аялдар, жаш балдар ээрчип, адамдар инсандык сапаттарын бийик кармап, маданияттуу түрдө нараазычылык акциясына чыгышкан.
Анан дагы баса белгилеп кете турган нерсе: март ынкылабынын 20жылдыгы быйыл жаз менен кошо келген нооруз майрамына, эң башкысы Кудайымдын улуу, ыйык рамазан айына туура келип, өзгөчө даталуу күн болуп отурат.
Урматтуу кыргыз элим! Ушул шарттан пайдаланып, мен силерди Нооруз майрамыңар менен, улуу рамазан айы менен жана март ынкылабынын 20жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Кыргызстандын келечеги кең болуп, экономикасы көтөрүлүп бай өлкөлөрдүн катарынан орун алып, элибиз ынтымак, ырыс, бакубаттык, тынчтыкта болушун каалаймын.
Быйылкы рамазан айында, мен азыркы жашаган жерим Минскидеги мечитке момун мусулмандарды топтоп ооз ачырлык кылып зыярат өткөрдүм.
Ошондой эле ооз ачарлык туулган жерим Жалал Абадда да өткөрүп элдин батасын алдым.
Өзүм сыртта жүргөнүмө байланыштуу өлкөнүн баардык региондорунда өткөргөнгө шарт болбой калды.
Кудай буюрса андай күндөр да болуп калаар.
Мен сыртта болсом да жүрөгүм, тилегим, оюм силер менен бирге ооз ачуу, урматтуу бир боорлорум.
Дагы бир жолу баарыңарды ыйык рамазан айы менен куттуктайм. Жасаган зыяраттарыңар кудайдан кайтып жалаң жакшылыктарда болгула.
Силерди терең урматтап Бакиев К.С.