Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргы-тажик чек арасынын чечилиши тууралуу маалымат берди.
Ал Достук айылынын Тажикстандын карамагына өтүшү тууралуу түшүндүрмө берди. Айтымында, мындай келишимге келечек муундун тагдырын жакшыртуу үчүн барган.
“Достук айылынын тургундары үчүн Баткендин Чет-Булак деген жеринен жер бердик. Достук айылындагы үйлөрдү карап көрсөк, ар башка жер аянттарына ээ экен, бири беш сотых, бири сегиз, дагы бири он сотых. Жашабаган, бирок үйлөрү сакталып тургандарды кошкондо 71 кожолукка ар бирине 10 сотыхтан жер бердик. Мамлекет зыңкыйтып үй салып беребиз, анын жанынан дагы 10 сотых жер бердик, кийин үй салып аласыңар деп. Андан сырткары айыл чарба багытындагы 9 сотыхтан жер бөлүштүрдүк. Ошентип, ар бир үйгө дээрлик 30 сотыхтан жер туура келди”, - деди Ташиев.
Ал Достук айылынын тургундарынын азыркы абалына түшүнүү менен карап, киндик кан таамп, ата-бабанын сөөгү жаткан жерин таштап чыгып кетүү ар бир адамга кыйын болоорун белгиледи. Бирок келечек муун үчүн бул эң жакшы чечим болгонун кошумчалады.
“Муну саясатка аралаштырбагыла. Менден артык патриот болуу кыйын. Достуктун эми төрөлө турган балдары бардык шарты бар жерде торолушат, шаарга жакын болушат. Качан конфликт болсо, Достук айылы жабыр тартат, өрттөлөт, аскерлер, жай тургундар каза табат. Бул нерсеге чекит коюшубуз керек болчу, андай окуялар кайра кайталанбасын”, - деген УКМК төрагасы Тажикстанга бир застава берилип, бирок анын ордуна эки застава, анын бири жаңы гана курулган застава алынганын билдирди.
Камчыбек Ташиев Достук айылы өзү үчүн дагы оор экенин айтты. 2022-жылы тажик тарап менен болгон конфликтте аскер кызматкерлери курман болгонун эскерип, алардын атын атады.
“Чек ара заставасынын орун басары Дастан мектепте акыр аягына чейин туруп салгылашкан. Мектептин дубалы кулап калгыча, жалгыз коргоп курман болгон. Ошондой эле прапорщик Жаныбай уулу Тилек, Анаркулов Санжар жана Анаркулов Шерали танкада жарылып каза болушкан. Ачыгын айтайын, балдарыбыздын калдыгын кол менен чогултууга туура келген. Биз ушундай окуялардын кайталануусунун алдын алдык”, - деди Камчыбек Ташиев.