Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Вьетнамга расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев жана Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык Авиация мамлекеттик агенттиги менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Жарандык авиация башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.