Өткөн жумада Кыргызстан менен Тажикстандын калкы үчүн көптөн күткөн кубанычтуу окуя болду. Анткени эки өлкө тең Эгемендүүлүккө ээ болгон отуз жылдан ашык мезгилден бери чечилбей келаткан чек ара маселеси чечилгендиги жарыялады.

Бул кубанычтуу кабарды КРнын УКМКсынын төрагасы, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында жарыялады. Кыргыз коомчулугу, өзгөчө Баткен облусунун жашоочулары чек ара маселесинин чечилишин колдошуп, жакшы пикирлерин айтышууда.

Ошол эле учурда социалдык тармактар аркылуу айрым тескери ойлорду айткандар да жок эмес.
Биз түбөлүк кошуна, бир тууган болуп кылымдардан бери чогуу жашап келаткан эки элдин ортосундагы чек ара көйгөйүнүн чечилип, чекит коюлушунун мааниси, эмне үчүн мурдагы кыргыз бийлиги мындай кадамга барбагандыгы жана башка маселелер тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Сапарбекович Касмамбетов менен маектештик.

– Сүйүнбек Сапарбекович, Сиз кыргыз-тажик чек арасынын чечилишин кандай кабыл алдыңыз?

– Арбаңыздар, урматтуу улуу журт, бүгүн чеке-белибиздин чет аймагына тынчтык орногондугу абдан кубанычтуу окуя болду. Бир апта убакыт өттү, кошуна өлкөбүз Тажикстан менен чек араны тактап, тынчтык келишимин түзүү боюнча келишимге жетише алдык.

Эми айта турган бир нерсе, дүйнөдө канча согуш болсо, ошол согуштун 99 пайызы жер маселеси. Мына, Жакынкы Чыгышты эле айталы, кылымдар боюу согуш токтогон жок го. Ошол эле Палестинадагы согуштун себеби да жер талаш. Жер маселесинен улут, мамлекеттер аралык маселелер оорлошуп турат. Мына ушундай кыйын кырдаалда эл арасынан “Мен чечемин” деп чыккан азаматтар болбой койбойт.

Мен азыркы бийликтегилерден кеминде он жаштай улуумун. Ошондуктан менин айткандарым кимдир-бирөөлөрдүн кулагына же бутуна кебез төшөп, жасакерленип, жагалданган сөз эмес, болгону боло турган көйгөйдү көргөзө айткым келет. “Беш жылдык мыкты согушка караганда, беш мүнөттүк тынчтык керек”,- дейт. Демек, бизге элдин тынчтыгынан өткөн эч нерсе жок. Мына ошол маселе абдан көйгөйлүү.

-Кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө УКМК төрагасы, эки өлкө ортосунда түзүлгөн комиссиянын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин салымы чоң болду окшойт.

-Ооба. Айта турган, баса белгилей турган бир жагдай, президенттин тапшырмасын, өкмөттүн токтомун, мыйзамды аткаруунун үлгүсүн, кандай аткарыш керектигин генерал Камчыбек Ташиев көргөздү. Анын жеке тартиби, саясый маданиятуулугу, айта турган маселени, чек араны иретке келтире турган укуктук актыларды терең түшүнгөндүгү,  географиялык аймактарды жакшы өздөштүрүп, башка өлкөлөрдүн өзүнө тең өкүлдөрү менен тең ата болуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билгендиги, өзүн тобокелдикке салып, өзүнүн баркынан кыргыздын наркын бийик тутуп, элибизди сүйүндүрүп, кубанткан, ийгилигине ити да сүйүнгөн жакшы бир жышаанды алып келип отурат. Бул жерде генерал президенттин тапшырмасын, өзүнө жүктөлгөн милдетти, мыйзамдарды, токтомдорду аткарууда үлгү болуп, чечкиндүүлүгүн көрсөттү десек болот.

– Ачыгын айта турган болсок, акыркы жылдары Баткен аймагынын жашоочулары кечинде машинасына бензинди толтуруп, башына куралы болсо, аны жазданып, эртеңки таңга чейин тынч уктасам экен деп Кудайдан тилек кылып калышкан болчу.

-Туура айтасыз. Баткен аймагында кийинки кездери төрөлгөн балдардан, сегиз жаштан сексен жашка чейинки биздин жарандарыбыз жалаң бала-бакырасын качырып, “өлсөк биз өлөлүк, ичээрибизди ичтик, жээрибизди жедик”,- деп, кемпир-чалдар чек арада калган мезгил да болду. Баткен аймагында үч мертебе айылдарыбыз өрттөлдү, талкаланды. Президент Садыр Жапаров кейибей-муюбай туруп аны үч мертебе калыбына келтирди. Ошол эле учурда тирешүүнү, атаандашууну, ок атышууну көздөгөн айрым бир койнунда котур ташын каткандардын тилегин таш каптырып, чыр-чатакты тынчтык, сүйлөшүү жолу менен чечкен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев болду.

-Бирок өздөрү өмүрү Баткенди көрбөсө, барбаса деле социалдык тармактар аркылуу нааразы пикирлерин жазгандар да жок эмес…

– Ушундай учурда ал кишиге да “Чек арабыз тигил жакка өтүп кетиптир, ата-бабабыздан калган жер эле…”,- деп, ар кандай тескери сөздөрдү айткандар да жок эмес. Чек ара идеалдуу түрдө түптүз сызык менен өтпөйт экен да. Айрым биздин кыштактар аларга, алардыкы бизге кирип, шахматтык тартипте жайгашып калган. Оор кырдаалда бир чечим кабыл алып, ал чечимди аткарып, бул меники, бул сеники деген бир келишимге келип, ынтымакты тартуулагандын өзү биздин ырашкерликтин туу чокусу. Наркты, тартипти билгендик, мамлекеттеги тартипти бекем сыйлагандык, баш ийүү маданиятын туу туткандык Баткен аймагындагы тирешүүнү, чыңалууну жолго салгандыгы биздин чоң жеңишибиз болду.

Туура, кээ бир адамдар айтып жатышпайбы, “биз атам замандан бери ушул жакта жашадык эле…”,- деп, алар да ушундай деп жатышат. Генерал бир ишти жасаардан мурда дайыма элге өз оюн айтат. Мисалы, “Мыйзамсыз менчиктештирилген жерлерди тартипке салыш керек”,- деп биринчи жарыялайт, элдин пикирин угат. Анда ар кандай пикирлер, сөздөр айтылат, ошондон кийин чечим кабыл алат. Мына ушинтип аябай чоң иштерди жасап жатат.

Эми чек арабыз аныкталып, ары жагы сен, бери жагы мен болуп чийиндер сызылып, элдер кайра отурукташып, эми Баткенден көчө качпай, кайра Баткенге агылган эл көбөйдү. Мектептер, стадиондор салынып, көчөлөргө асфальт басылып жатат. Ошол жердеги жаштар өз жеринде жашагысы келүүдө. Айлыктардын көтөрүлгөндүгү, чечкиндүү иштердин негизинде үмүт пайда болду. Азыр баткендиктер үчүн өз жерине кайтуу, ишеним, үмүт пайда болду.

-Эл арасында “эки дос өз билгениндей башкарып жатат”,- деп шылдың сөздөрдү да айткандар жок эмес.

– “Эки дос өз билгенин жасап жатат”,- деген сөздөр да айтылып жатат. Айтыла берсин, мөмөлүү даракка таш ыргытылат. Иш жасабай, эч кимге жаман көрүнбөй да күн өткөрсө болот. Бирок ошондой чечимдерди кабыл алуу баарынын эле колунан келе бербейт. Ушул тынчтык менен журтубузду куттуктап кетелик.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн 100 жылдыган карата ачылган 100 ишкананын көбү Баткен облусунда, чек ара аймагында ачылды. Буга мамлекет башчыбыз менен УКМК төрагасынын салымы чоң. Камырдан кыл сууругандай кылдаттык менен иш алпаргандык, элине тынчтык каалагандык, бул журт башчыларынын мүдөөсү. Ошондуктан бүгүнкү күндө жаңы саясый тартип, маданият калыптанып, мен чечем деген акимдер, мыкты ишкерлер элибизде пайда болду. Баарын президентке жүктөп, өздөрү чекеге чыга качкандар азайды. Бүгүн ошол ачылган ишканаларда жергиликтүү жаштар иштеп, жалпы элдин маанайы көтөрүлүп, улуттун уңгусун бекиткен жагдайды түзүп койду. Ушул жакшылыкты унутпайлык, кийин тарых өзүнүн таасын баасын берип, тастыктайт.

Аттиң, “Эки дос” деп шылдыңдап айткандар, кээде колдоп да айткандарга тарых таамай баасын берет деп терең ишенемин. Кыргызда чек ара маселесин мыкты чечкен Байзак баатыры, Токсобай төрөсү, Чоко деген манабы, Алымбек датка, Полотхан баатырлар чыккан. Алар кыргыз элинин тарыхында өтө кадырлуу, зобололуу инсандар катары калышкан. Чек ара, чек ара маселеси адамзат тарыхында дайыма курч, номер биринчи маселе болуп саналат. Мына Украина, Жакынкы Чыгыш, Афганистандагы согуштардын ортосундагы маселе бул – чек ара талашы. Ошон үчүн журт башчыларынын чек араны чыр-чатаксыз, эки жакка тең пайдалуу чечиши – эки элдин жеңиши.

-Сиз президенттин жанында жүрөсүз, өлкөбүздүн идеологиясын тейлейсиз. Мурдагы президенттерден азыркы мамлекет башчынын кандай айырмачылыгын байкай алдыңыз?

-Президентибиз Садыр Жапаров аткаруу бийлигинде жаңы тартип, маданиятты калыптандырды. Өкмөт өз ишин мыкты аткарып жатат, салынган жолдорду, мектептерди, өлкөбүздүн ички аймагында учуп жаткан самолётторду көрүп турасыңар. Кантип эле ушул жетекчилерибиз жерибизди башкаларга берип койсун. Отуз жылдан бери улам бир кошуналарыбыз менен чек араларыбыз такталып, эми биротоло чек арабыз такталып бүтүү алдында, элибизге, жерибизге биротоло тынчтык келүү алдында турабыз.

Мына, Украинадагы, Жакынкы Чыгыштагы окуялар үрөйүбүздү учурбай койбойт. Дүйнөдө милларддаган элдер тынчтыкты көксөп турат. Болгону жети миллион эл экенбиз. Анын болгону жарымы кыргыздар болсок, миллионго жакын жаштарыбыз чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Азыр айылдарда ким көп, кары-картаңдар көп. Демек, иштей турган, үй кура турган, чек араны коргой турган азаматтарыбыз аз. Ушундай учурда улут жетекчисинин кылдаттык, кеменгерлик чечими талап кылынат. Мындан ары чек арабыз бузулбасын. Кошунаңдан өлүп кутуласың же көчүп кутуласың, кошуна менен мамиле түзгөндү билиш керек. Кыргыздын наркы менен салтында кошуна абдан ыйык, бала-бакыраңа, бир тууганыңа бербеген үйүңдүн ачкычын кошунаңа калтырып кетесиң. Мындан 10-15 жыл илгери эле ушундай болчу. Мына кошунанын ролу, кошуна менен мамиле түзүүнүн, чек ара маселесин тактап алуунун мааниси. Бул жагдайды түшүнгөн жетекчилерибиздин арты менен чек арабыз тынчтык жол менен чечилип жатат. Иш кылган адамдын артынан гана сөз ээрчийт. Ортобузга жик салган айрымдардын тескери сөзүнө маданияттуу жооп берип, ынтымакка чакыралы.

-Тажик тараптан деле нааразы болгон, “утулуп калдык” деген пикирлер айтылып жаткандыгын угуп калуудабыз…

-Мага деле кулагыма жетти, алар деле уттуруп койдукпу, алдырып койдукпу деп өздөрүнүн жетекчилерине айтып жатышыптыр. Анткен менен чек аранын орток пикир менен, тынчтык жол менен чечилгендигине кубангандар да көп болууда. Мына бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстанга расмий иш сапары менен барды. Бул эки өлкөнүн чек ара маселесинин тынчтык жол менен чечилгендигинин натыйжасы.

– Бул жерде жоопкерчиликти моюнга алуу маселеси турат. Буга чейинки жетекчилерибиз жаман сөз укпайын деп эле чек араны чечүүдөн качып келишкен да. Азыркы жетекчилерибиз кандай сөз болсо да угуп, жоопкерчиликти моюнга алалы деген тобокелчиликке барышты окшойт.

– Маселенин ток этер жери ушул. Көптөгөн буга чейинки жетекчилерибиз болду. Качан ок атылат экен деп кооптонуп уктадык, үйдү жөн салбай, ок ата турган тешиги менен кошо салдык. Балдарыбызды көчүрдүк. Эл устаранын мизинде аңтарылган дүйнө болуп жашадык. Ошол учурда эт менен челдин ортосундагы, сот иши болсо, соттолуп кетпейин деген жетекчилерибиз болбой койгон жок. Ошонун айынан ушунча жыл кырды-бычак болуп келдик да. Ушундай учурда бир жетекчи чыгыш керек эле го.

Президент С. Жапаров тынччылык болсун деди. Тынчтык болгон жерде көчө таза, көңүл ак, мектеп, бардык ишканалар иштейт. Тынч болгон жерде гана ийгиликке жетише алабыз деди. Ал эми К. Ташиев “Бул милдетти президент мага жүктөдү, аягына чыгарам”,- деди. Жогоруда айткандай, генерал тапшырманы кандай аткаруунун үлгүсүн көрсөттү. К. Ташиев президенттин саясый эркин ишке ашыра алды. Мындай аракети менен элдин бүйүрүн кызыткан бир топ жагдайларга чекит коюлду. Чек ара менен ойнобош керек. Жогоруда айттым, дүйнөдө канча чатак болсо, анын баары жер маселеси менен тыгыз байланышкан. Бир метр жер үчүн миңдеген улуттар, өлкөлөр бул дүйнөдөн жок болуп кетти. Бири-бирин басып алып, өзүнүн маданиятын, салт-санаасын таңуулады. Ошол жердеги улут басмырланып, жоголуп кетти. Чек араны чечкен улуттун уулдары ошол элдин уңгусун, салтын, наркын чечкен азаматтары.

Биз башынан бери эле ынтымакта жашап, кыз алышып, беришип келген элбиз. Азыр заман башка, миң күндүк жол жүрүп келип айткан кабарды ватсапп аркылуу заматта таратсаң, өз оюңду интернет аркылуу жалпы журтка жарыялап койсоң болот. Бирок ушундай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, айрым кызматка жетпей калган же мурда бийликте жүргөн оюу терс адамдардын тескери пикири зээнди кейитпей койбойт. Андай тирешүүлөр болуп келген, боло берсин. Бирок мамлекеттин биримдигине, ынтымагына таасир этпеш керек. Таптакыр эле жоюп сала албайбыз, ага карабай бизге ынтымак керек деп күнүгө айтышыбыз керек экен. Бактылуу өлкө бактылуу адамдардан гана курулат, бактылуу үй-бүлө гана бактылуу өлкөнү кура алат деп, замандардан бери эл өзүнүн даанышмандарын тарбиялап, өстүрүп келген.

Маектешкен Эмилбек Момунов