Бул тууралуу журналист Нургазы Анаркулов социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.
"Биз, баткенчилер Султан аваны (Айжигитов) жакшы билебиз… Алгач Бакиевдин тушунда эки жыл, андан кийин Убактылуу өкмөт тушунда дагы эки жыл областты башкарды, ачыгын айтканда, эмнени кыйратканы белгисиз. Бүгүн кыргыз-тажик чек арасы боюнча жетишилген макулдашууну сындап чыкты. Таң калыштуусу, бир жума мурун бул маселе комитетте каралып жатканда, “мен ойлогондой чечилип жатыптыр, ыраазымын”- таризде үн катып, колдоп чыккан болчу. Андан бери эмне өзгөрдү? Султан ава ойлонуп, акыл пештеп, анан саясий дивиденд топтоо жолуна түшкөнү көрүнүп турат. Чек ара чечилип, буга тынымсыз жаңжалдан тажаган баткенчилер кубанып атса, бул пенденин отко май чачканын кантип түшүнсө болот?
Жада калса, Султан Айжигитовдун бул кылыгына өзүнүн фракциясы - “Ыйман Нуру” дагы нааразы болду. Алар: “Айжигитов биз менен кеңешкен эмес, анын өз пикири” дегенче шашышты.
Баарынан таасын, чындык сөздү депутат Кундуз Сулайманов айтты: “Айрым коллегаларыбыз трибунага чыгып алышып, ачык эле эки мамлекеттин ортосуна от жаккысы келип жатат! Аларды чатак маалында каза тапкан балдардын арбагы урсун! Төрт жыл губернатор болуп иштеп, 4 метр жер чече алган эмес. Азыр болсо төрт жылдан бери тарыхый иш жасалды. Мына, өзү да чыгып, колдогон! Биз чындап эгемен мамлекет болушубуз керек! Маселенин тынчтык жолу менен чечилгендиги - маданияттуулуктун эң жогорку деңгээли. Тажик эли да, биздин эл да туура түшүнүп, буга окшогондорго жол бербеши керек!”.
Айжигитов кеп кылып жаткан Достук айылынын элинин үнүн угуп көрсөңөр! Алар үчүн баарынан да тынчтык маанилүү! Себеби, тажиктердин жортуулдарынан эң көп жапа чеккен эл ушулар! Намыс үчүн гана чек араны таштап кетпей, баатырларча жашап, коргоп жүрүштү. Мына ошол Достук айылында менин иним Санжарбек Анаркулов дагы чек араны баатырларча коргоп, достору менен душмандын отунан жарылган танк ичинде күйүп кетишкен. Согуш эмне экенин Айжигитов билбесе керек, аны мына биз, чек арада каза болгон баатырлардын бир туугандары жана чектешкен айылдарда жашаган эл билет. Андыктан, Султан ава, маселе тынчтык жолу менен чечилип жатканда, ортого от тамызбай, тынч отуруңуз! Баткен элин сыйласаңыз, айткан кебиңизди артка кайтарып алыңыз!
Ачыгын айтуу керек, азыр Тажикстанда дагы эл бийликке нааразы болуп атат. Себеби, ал жакта да билермандар “чек арадан утулдук”- деп атат. А эгерде, кокус, тажик тарап сиздин айтканыңызды бетке кармап, “депутаттары каршы экен, баш тарталы”- десе, ким жооп берет? Буга сиз керт башыңыз менен жооп бересиз, Султан ава!!!", - дейт ал.