"Коррупция бул мамлекеттин оорусу. Коррупционердин улуту болбойт, андай адамдардын мекени да болбойт. Кайсыл жерде болбосун, мамлекеттин, элдин канын мите курттай сооруп ѳлкѳнү оорутат. Мындай адамдардан кутулбаса мамлекет жоголот.

Андыктан жемкорлорго карата аёоосуз катуу чара кѳрүш керек. Бирок кантип? Мисалы Кытай, Сингапур деген мамлекеттерде  коррупция менен күрѳшүү биринчи планга коюлган. Айрыкча Кытайда ѳлүм жазасына тартылат.

Ошондон улам Кытай экономикасы тез арада ѳнүгүп бүгүн экинчи орунга чыкты деп ойлойм. Демек экономиканын да мамлекеттин да ѳнүгүү жолундагы эң негизги душманы бул коррупция. Коррупция жоголсо, мамлекет бат эле буттан турат. Бирок Кытайга окшоп бизде ѳлүм жазасына тарта турчу мыйзам жок. Ал эмес Камчыбек Кыдыршаевич сунуш кылган мыйзамды депутаттар калчылдап, титиреп атып араң кабыл алып беришти. Президент кол койду.

Генерал эми «абайлагыла» - деп ачык эле эскертүү берип атат. Чынында бул мыйзам менен коррупция түк жоголуп кетпейт чыгаар, бирок жок дегенде азайтабыз деди Кыдыршаевич.  Себеби Камчыбек Ташиев мырза деле канча коррупциялык системалар менен күрѳшпѳдү, кармалгандар кайра эле четинен штраф тѳлѳп чыгып кетип жатканын кѳрүп атабыз.

Ошондуктан азыр Кытайларга салыштырмалуу жеңил бирок ошол эле кезде Кыргызстандын практикасында биринчи жолу коррупцияга каршы кабыл алынып жаткан мыйзам болууда. Тагыраагы эми ким коррупция менен кармалса ал кусуп берип, андан ары ѳмүр бою мамлекеттик кызматта иштей албай турган болду. Эми муну баарыбыз жапырт колдоп турбасак, жемкорлордун күнү бүтпѳйт. Алардын күнү бүтпѳсѳ дагы артка кетип ѳнүкпѳйбүз, - дейт ал.