Токмок шаарынын мурунку мэри Урмат Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. 

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Самаев 2016-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2021-жылдын августунда Токмок шаарынын мэри болуп дайындалып, 2023-жылы кызматтан алынган.