Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков (Базар-Коргон округу) Жогорку соттун судьясы Нургүл Бакирова таанышына сот иштеринде жардам берген деп айтып чыкты.

Бул тууралуу парламенттин 25-декабрдагы жыйынында сөз болду.

Ал эми Н.Бакирова ал жаранды тааныбай турганын айтты. Депутаттын маалыматы боюнча, сөз болуп жаткан жаран Жалал-Абад шаарында жашылдандыруу үчүн жер тилкесин мыйзамсыз алган. «Мамлекеттик каттоонун кызматкери соттолуп, айыпка жыгылган.

Өз убагында соттор баа беришкен. Мэрия доо арыз менен кайрылып, биринчи жана экинчи инстанцияда жеңишке жетишкен. Бирок Жогорку сотто сиз курамда болуп, кайра карап чыгууга жиберилди», - деди ал.

Алтынбеков УКМКнын өкүлдөрүнө бул окуяны иликтөө сунушун айтты. Жогорку соттун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Нургүл Бакирова Айбек Алтынбековдун билдирүүсү атайын даярдалган деп атады.

«Айбек Алтынбекович коомчулук алдында кечирим сурайт деп ойлойм. Мен өзүмө ишенгеним үчүн депутаттардын алдына келип отургандан коркпойм.

Мен силердин алдыңарда отуруп, депутаттарга түз жооп берген судьялардын биримин», - деп жооп берди Н.Бакирова. Мындан бир аз убакыттан кийин депутат кайрадан сөз алып: «Сизден кечирим сурабайм. Сиз болуп жаткан процесстин төрагасын өзүңүз алмаштырып, өзүңүз чечим чыгаргансыз.

Ал сиздин эң жакын "подружкаңыз" болот. Ошондуктан сиз ошондой чечим чыгарып жатасыз. "Подружкаңыздын" кызыкчылыгы же акчанын кызыкчылыгы эмес, бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турушу керек.

Мен толук ишенем — өзүңүздүн жакыныңызга тартканыңыз үчүн сиз менден кечирим сурайсыз», - деди А.Алтынбеков.

Булак: Баракелде