Президент Садыр Жапаров учурда аскердик кырдаал киргизилген Түштүк Кореяда иш сапары менен жүрөт. Анын ден соолугуна жана коопсуздугуна эч кандай коркунуч жоктугун маалымат катчысы билдирди. 

Бүгүн президент алдын ала пландалгандай эле Кыргызстанга кайтып келет. 

Эске салсак, Түштүк Корея 44 жылдан бери биринчи жолу өлкөгө аскердик кырдаал киргизди. Ошондой эле оппозиция өлкө башчысы Юн Сок Елго импичмент жарыялоо процедураларын жасоодо.