"Манас" эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу мейманды министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Казакстандын аремьер-министри Олжас Бектенов Бишкекке кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйынына катышуу үчүн келген.

Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында эки тараптуу кызматташуунун жана артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.