Ушу жарандык активисттерге түшүнүп болбойт. Өздөрүнүн кызыкчылыктарына жараша ар кандай сүйлөшө беришет. Сүйлөсө таза шайлоону сөз кылгандан чарчабаган жарандык активист Мавлян Аскарбеков СДПК партиясынын добуштарды сатып алуу фактысы аныкталып, партия мүчөлөрүнүн камакка алынуусун сынга алып, туура эмес болгонун айтыптыр. Мавлян мырзанын оюн боюнча, жалпы шайлоонун тазалыгына шек келтирген бул фактыга көз жумду мамиле кылыш керек беле? Президент да, УКМК төрагасы да шайлоону таза өткөрүүгө чакырып, мыйзамсыз аракеттерге барбоону талап кылып, андайга баргандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын айтып, эскертип эле келатат. Ошого карабай СДПК партиясынын бул кылганына кандай баа берүү керек эле? Башка партияларга сабак болушу керек го. Шайлоонун тазалыгына көө жаппасын деп бийликтин таасириндеги партиялар катыштырылган жок. Муну менен таза шайлоого, таза күрөшкө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок СДПК таза күрөшкүсү келбегени өкүнүчтүү.

"Укмуштуунун төөсү жорго" деген ушул. СДПКчылар кылгылыкты кылып алышып, эми "Кыз бозуп алып, энесин коркутат" болушууда. Партиянын адвокаты Замир Жоошев "балким, камакка алынгандарды бандиттер алып кетишкендир, балким кыйнап атышкандыр" дегени бет тырмарлыктын жеткен чеги. СДПКчылар УКМКнын камагына алынганы боюнча УКМК расмий маалымат таратты. Анан Замир мырзанын жогорудагыдай айтканына жол болсун!

Партиянын лидери эсептелген Темирлан Султанбеков болсо, "партиянын аялдары зордукталып жаткандыр..." деп ыйлактап атат. Бул жагы эми кыргызча айтканда, бетпактык, наадандык болуп кетти. Кокус эртең Ирина Карамушкина "кокуй мени кыйнашты, зордукташты" деп билдирүү таратса, ага таң калбай эле коет окшойбуз...

 

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист