«Мелис Аспеков деген алдамчы, аферистти кимдер гана билбейт. Ал бир кезде Садыр Жапаровдун ичи-койнуна кирип, эң жакын жана ишенимдүү адамына айланган, кийин ал президенттике атсалышканда жана президент болгон соң чыныгы жүзү ачылып, өлкө башчысынын аты менен ири бизнесмендер менен мамлекеттик кирешелүү ишканалардын жетекчилеринен оңой эмес суммадагы акчаларды ар кандай айла-амалдар менен алган. Бир гана “Кыргыз темир жолу” ишканасынын ошол кездеги жетекчиси Дашковдон 250 миң доллар алып, ошонун айынан азыр абакта жатат. Мындан тышкары өзүнүн айтуусу боюнча, айтылуу “Раим миллиондон” да 3 миллион доллар алып, аны С. Жапаровго берген имиш. Эми ушул апыртмага ким ишенет? Раим жөн эле мынча акчаны Аспековго кармата бергидей келесоо эмес да...
Эми түрмөдө да жөн жатпай, ар кандай жөө жомоктор менен божомол-жоромолдорду токуп, мамлекет башчысына каршы “сериалдарды” чыгарууда. Ошол “шедевр” тасмалар азыр океандын ары жагында качып жүргөн, Кыргызстанда дагы бир төңкөрүш жасасам экен дегенде эки көзү төрт болгон Тилекмат Күрөңов аркылуу социалдык тармактарда таратылууда.
Аспеков ошол “шедеврларынын” кезектеги 15 минуталык 7-сериясын С. Жапаров менен К. Ташиевдин достугуна арнап, эки достун ортосуна жик салууга болгон фантазиясын колдонуптур. Өзүнүн “сөзүн далилдөө үчүн Тажикстандын эки жыл катары менен Кыргызстанга кол салгандыгын да эки доско шылтаптыр.
Башкасы болбосо да, биз, баткендиктер бул окуяны жакшы эле билебиз. 33 жылдан бери бийликте отурган тажик президенти Эмомали Рахмон элин жакырчылыктын сазына батырып, дүйнөнүн ар кайсы бурчуна тентип кетүүгө аргасыз кылып, “такталбаган аймак” деген шылтоо менен ошол Эгемендүүлүк жылдардан бери эле доомат коюп, атайын кызматы жарандарыбызды атып, таш ыргытып, мал жандыктарыбызды уурдап, жаз алды менен суу талашты шылтоолоп биз тарапка ок чыгарып, эптеп эле согуш чыгарып, жерибизди басып алууну көздөп келаткан. Бир чети ал мындай тактикасы менен өз элин алагды кылып, ички социалдык көйгөйүн чечүү аракет да көргөн.
Айтор, кыргыз-тажик көйгөйү тээ Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдордон бери эле келатат. Бирок мурдагы башчыларыбыз азыркы мамлекет башчыларыбызга окшоп, чечкиндүү кадамга барышкан эмес же ачыгын айтканда коркоктук кылышкан. Ал эми Жапаров менен Ташиев аскердик жактан да, саясый жактан да душманга татыктуу жооп берип, тишин сындыргандан кийин Рахмон айласыздан сүйлөшүү столуна отуруп, чек араны тынчтык жолу менен чечкенге мажбур болууда.
Ооба, Баткен окуясында бейкүнөө жарандарыбыз каза болуп кетти, чек арада жашаган баткендиктер менен мамлекетке өтө көп материалдык чыгым болду. Бактыга жараша мамлекетибиз өлүмдөн башкасынын баарын ордуна коюп, үйү күйгөндөргө заманбап үйлөрдү бекер куруп беришти. Эң негизгиси азыр кыргыз-тажик чек арасында ок атылбай, чектеш айылдардын тургундары мурдагыдай кечинде машинасына бензин куюп, куралын октоп, түнкүсүн бир нерсе шыбырт этсе да чочубай уктап калышты.
Ал эми кырчындай жаш жоокерлерибиз менен күнөөсү жок жарандарыбыздын каза болушуна азыркы бийлик эмес, мурдагылар күнөөлүү. Себеби армиябыз алгачкы күндөрү душманга каршы жооп берүүгө даяр болгон эмес...
Ошол Аспековдун акыркы, 7-сериясы эки достун ортосуна болушунча бүлүк салып, аларды бири-бирине каршы тукурууга аябай аракет кылыптыр. Ал тургай бул максатына жетүү үчүн Россиянын президенти Путинди да аралаштырып, Жапаровдун аны менен Сочиде жолугушуусунда ортодо отургандай эле “көзү ачыктык” кылыптыр. Мунун артында эмне жатат? Албетте, Жапаров менен Ташиевдин ынтымагын ыдыратса, Кыргызстанда дагы бир ирет тоңкөрүш жасап, будуң-чаң салуу...», - дейт ал.