Түркия Кыргызстандагы алдыңкы 5 инвестор өлкөнүн арасына кирет.

Бул тууралуу Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында президенттердин төрагалыгы алдында стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин жыйынында эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу учурунда билдирди.

Ал Кыргызстанга инвестиция салуу бул ата-журтубузга көрсөткөн экономикалык колдообуз болуп эсептелет деп белгиледи.

“Түркия Кыргызстандагы алдынкы 5 инвестор өлкөнүн арасындабыз. Эң көп расмий салым кошкон өлкөлөрдүн сап башында турабыз. Алардын бардыгы ата-журтубузга көрсөткөн экономикалык колдообуз болуп эсептелет. Урматтуу бир тууганым Садыр Жапаров менен эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард доллар деңгээлине жеткирүү максатыбыз боюнча макулдаштык”, - деди Режеп Тайып Эрдоган.