Эрдогандын Кыргызстанга болгон бул жолку визитине биз тараптан даярдык боордоштукту жана тилектештикти билдирген ары жандуу жана жылуу маанайда болду. Түрк туугандарга барганда алар Кыргызстанды «ата мекенибиз», «Түркия эне мекенибиз” дешкенин угуп кубанып жүрөбүз. Ал ой бул жолу түрк лидеринин оозунан расмий айтылганы да чоң мааниге ээ. Бул кыргыз эли түрк элдеринин арасында баарынан жолу улуу эл экенин бекемдеп койду.
Этнология илиминде “автотохтуу эл” деген түшүнүк бар. Жалпак тил менен айтканда ал “баштапкы, түпкүлүктүү жолу улуу эл” дегенди түшүндүрөт.
Мындай статуска керек болсо азыр келкели келип турган, ипериялык дымагы бар, экономикасы бакыбат өлкөлөрдүн элдери деле караандабай калат. Албетте байыркылык, тарыхий тамыр азыркы заманда негизги көрсөткүч деле эмес. Эгер бай тарых улуттун азыркы материалдык абалын аныктаса гректерден өткөн бай эл болмок эмес да.
Бирок азыр геосаясатта олуттуу процесстер тездик менен жүрүп дүйнө өзгөрүп жатат. Ал процесстер буга чейинки эки уюлдуу (двух полярный) дүйнөнү көп уюлдуу дүйнөгө айландыраары белгилүү болуп калды окшойт. Ошентип дүйнөлүк “дөө шаалар” бири-бирине жол бошоткусу келбей жөөлөшүп ал арада Кытай, Индия сыяктуу жаңы уюлдардын кудуреттүүлүгү артып жаткан шартта Түрк өлкөлөлөрүнүн формалдуу эмес чыныгы биримдиги дүйнөнү солк эттирчү эле интеграция болмок. Арийне ага каршы күчтөр да жетиштүү да. Ага карабай дал азыр ошол түрк элдеринин биримдигин концепциялаштырып жылдыра берген туура. Бул доктринанын “аталыгы” болгонго Эрдоганда мүкүнчүлүк чоң болчу. Бирок ал бир эле учурда түрк дүйнөсүнүн да, ислам дүйнөсүнүн да лидери болуу дымагы менен эки тарапка ыктап убактысын өтөрүп алды.
Ислам дүйнөсүнүн лидерлигине ага жол беришпейт деле да. Аныгында “түрк тилдүү мамлекеттердин биримдиги” доктринасын жылдыруу дүйнөгө геосаясий чакырык жасоого тете. Балким Түркия тараптын бул доктринаны жылдырууда кетенчиктеп жатканына НАТОго мүчөлүгү болуп да жатат. Бул доктринаны жылдырууга ыңгайлуу учур жакындап келатат.
Эң башкысы биз Түркия лидерин жогорку деңгээлде тосуп ошол интеграцияга даяр экенибизди керек болсо ошол түрк элдеринин биримдигинде өзгөчө ордубуз болоорун аныктап алдык. Кыргыз тараптын ага даярдыгына ынанбаса жанагынча карызды кечмек эмес да. Өзгө өздөй жатка жаттай мамиле кылганга өткөнүбүз кубанычтуу көрүнүш.
Чолпонбек Сыдыкбаев, саясат таануучу