Дүйнө жүзүндөгү эң коркунучтуу кылмышкерлердин бири Кыргызстанда жашаган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 31-октябрда Ноокат шаарындагы төрт тилекелүү жолдун ачылышында билдирди.
Ал коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш тууралуу айтып берди.
«Кызматка келген адам байыган, жакшы жашаган, кызматта жүргөн адамдын бардык тууган-уругу жакшы жашап келген. Кызматта жоктордуку жок болгон. Ошон үчүн баары кызматка барганга умтулган. Эптеп акча берип, башка берип, кызматка кириш керек болгон. Кызматка киргенден кийин баягы эле коррупцияны улантышкан. Коррупция жөнөкөй адамдардын арасында жок, жалаң мамлекеттик кызматта иштегендердин, жалаң бийликти, байлыкты кармап тургандардын арасында бар. Күрөшүүнүн негизинде кайсы бир деңгээлде коррупцияны азайтууга жетиштик, бирок аягына чыга элекпиз. Аягына чыга албай жатабыз, булар өтө көп экен. Күнү-түнү иштеп жатабыз, бирок аягына чыга албай жатабыз. Аягына чыгарабыз. Азыркы күндө мамлекеттик кызматта иштегендер да, мамлекетке салык төлөбөй, өзүн гана ойлоп, байып кетип жаткандардын бардыгы бир аз ойлонуп калышты. Мамлекетке салык төлөш керек, мамлекеттен уурдабаш керек, мамлекетке зыян келтирбеш керек экен деп ойлонуп калышты. Бирок аягына чейин чыга элекпиз, аягына чыгарабыз.
Андан сырткары уюшкан кылмыштуу топ, Кыргызстанда ОПГ деп коет. Кыргызстан ОПГ боюнча эң алдыңкы орунга чыгып кеткен. Ошон үчүн биз өскөн эмеспиз. Уюшкан кылмыштуу топтор бардык жерде бардыгын ээлеп алышкан. Ушул эле Ноокатта деле, туурабы. Спортчу болуп, 10-15 адам чогултуп, спорт зал ачып алышып, адамдарды, бизнесмендерди коркутуп, уюшуп алып, "биз кыйынбыз" деп көчө чаңытып чуркап жүргөндөр, биз аларды бандиттер деп атайбыз. Кана ошолор? Жок, мындан ары да болбойт. Кыргызстан боюнча бир дагы уюшкан кылмыштуу топ болбойт. Бир дагы бандитти калтырбайбыз. Ким ошого баш ийбесе, мыйзамдын чегинде катуу жазага тартабыз.
Спортчу болдуңбу, күчтүү бол. Килемге, рингге чыгып спортчу бол. Стадионго барып футбол ойноп, чуркап спортчу бол. Бирок элди тоноп спортчу болбо. Элди, бизнесмендерди, бийликте отургандарды коркутуп спортчу болбо. Биз андайга жол бербейбиз.
Дүйнөлүк маалыматтар боюнча бир аз маалымат берип кетейин. Америка өкмөтү дүйнө жүзүндө эң коркунучтуу ОПГнын башчысын атаган. 11, "Братский круг" деп коет. Ошолордун бирөөсү биздин Кыргызстанда жашаган. Дүйнө жүзүндөгү эң коркунучтуу кылмышкердин бирөөсү Кыргызстанда жашаган. Туура, ал жер-жерлерде тамырын жайды. Ушул Ноокатта да болгон. Бардык бизнесмендерди учетко алды. Керек болсо акыркы маалда мамлекеттик органдарга да кол сала баштаган. Мамлекеттик органдардын жетекчилерин коркута баштаган. Ким парламентке депутат болуш керек, ким болбош керек, ким кайсы бийликке барыш керек, кимди кайсы кызматка коюш керек, ОПГнын башчылары чече баштаган.
Президенттин тапшырмасынын, биз көргөн чаралардын негизинде укук коргоо органдары, коопсуздук органдары, прокуратуранын биргелешкен аракетинин негизинде "вор в законе", "положенец", "смотрящий" жана башкалар жок жана болбойт», - деди Ташиев.