Садыр Жапаров беш коопсуздук кызматкерин генералдык чининен ажыратты.

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жогорку даражадагы наамды аларга 2020-жылы 14-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкасынын алдында ыйгарган.

Президенттин буйругу менен төмөнкүлөрдүн чини алынды:

  • милициянын генерал-майору Алмазбек Орозалиев — Бишкектин мурунку коменданты;
  • милициянын генерал-майору Мирлан Каниметов;
  • милициянын генерал-майору Малик Нурдинов;
  • милициянын генерал-майору Талантбек Салиев;
  • генерал-майор Санжарбек Эркинбаев.