Москвадагы Россия менен Кыргызстандын премьер-министрлери Михаил Мишустин менен Акылбек Жапаровдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Эске салсак, кыргыз делегациясынын сапары Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Россиядагы маданият күндөрүн белгилөөгө багытталган.

Документтердин тизмеси:

саламаттыкты сактоо, медициналык билим берүү жана илим жаатында кызматташуу;

эл аралык автомобиль транспорту;

транспорт тармагында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча кызматташуу;

калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жаатында кызматташуу;

пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык өз ара кызматташуу.