Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун чет өлкөгө жасаган сапарларын сынга алды.

Анын айтымында, социалдык блок реформаларга муктаж. Коронавирус пандемиясы учурунда пайда болгон көйгөйлөр эмдигиче чечиле элек.

Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев чет мамлекеттерге президенттин тапшырмасы менен маанилүү иш-чараларга барып жатканын, пандемиядан бери саламаттык сактоо тармагында бир топ өзгөрүүлөр болгонун айтты. Министр аткарылган иштер боюнча депутаттар үчүн аймактарды кыдырып атайын тур уюштурса болорун белгиледи.

"Коронавирустук пандемия маалында пайда болгон көйгөйлөр буга чейин чечилген. Учурда бардык облустарда, райондордо ооруканалар штаттык режимде иштеп, орундар жетиштүү. Жаңы ооруканалар да курулуп жатат. Бүгүн Түп районундагы оорукананы онлайн ачтым. Ысык-Көл облусунда 30 жылдан бери бир дагы оорукана курулган эмес. Учурда Каракол шаарына 350 орундуу медициналык жай куруп жатабыз. Чыгымдар бюджеттин эсебинен каржыланууда", — деди Бейшеналиев.

Ал белгилегендей, клиникаларда медициналык жабдуулар да жаңыланып жатат.

"Депутаттар кааласа райондордогу ооруканаларга атайын тур уюштурам. Төрт жылда эмне жасалганын көрсөтүүгө даярмын. Кыргызстанда бюджеттин эсебинен 11 оорукана курулуп жатат", — деди министр.

Булак: Спутник