Журналист Бакай Абдымалик төмөнкүдөй пост жазып чыкты:

- Уят өлүмдөн каттуу!

200 орундуу эки кабаттуу мектептин имаратын, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу менен 26 жылдан бери “басып” жаткан адам, “Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры” деген эң жогорку наамга татыктуу эмес!

Аталган мектептин сметалык баасы 376 млн 339 миң сомду "чапчыйт"экен.

Андыктан, эгер бетинде бир аз "кызылы" болсо, Медеткан Шеримкулов аксакал элден кечирим сурап, өз ыктыяры менен "Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры" наамынан баш тартканы туура болот.

Баш тартпаса, коомчулук муну талап кылыш керек .

Үн кошуңуздар, туугандар!