Журналист Мирлан Дүйшөнбаев төмөнкүдөй пост жазып чыкты:

- Айтарга да сөз таппайсың... Биздин мамлекет талап-тономойлордун, менчиктеп алуунун, басып, тартып алуунун эле очогуна айланып калган окшобойбу. Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мектептердин, бала бакчалардын аягы көрүнбөйт…

Архивное фото спикера легендарного парламента Медеткана Шеримкулова - Sputnik Кыргызстан

Эң эле өкүнүчтүүсү, ошол менчиктеп алуулар сүйлөсө оозунан мыйзамдуулук, тазалык жөнүндөгү сөздөр көбүрүп-жабырып турган адамдар тарабынан ишке ашырылгандыгы.

Дегеним, легердарлуу парламенттин спикери, өзүн тазалыктын эталонундай көрсөткөндү жакшы көргөн белгилүү инсан, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов өзүнүн айылындагы мектептин имаратын 1998-жылы мыйзамсыз менчиктештирип алган экен. УКМКнын текшерүү иштеринин натыйжасында өз ыктыяры менен кайтарып берди. Мында өз ыктыяры менен деген деле формалдуулук го. УКМКнын колу жеткенде аргасыздан кайтарып берди десек туура болчудай. Болбосо, курулушу бүтө элек мектептин имаратын ушул убакка чейин эмнеге менчигинде басып жатты? Бул жөнөкөй эле ачкөздүк эмеспи?

Бул факт эмнеден кабар берет? Буга чейин Медеткан Шеримкуловдун мыйзамсыз менчиги менен жергиликтүү бийликтин да, жогорку бийликтин да, укук коргоо органдарынын да иштери болгон эмес. Кадыры бар инсандын менчигин мамлекетке кайтаруу эч кимдин оюна келбеген. А бүгүн УКМК кадырына, таасирине, кызматына, наамына карабай мыйзамсыз иштердин баарын ачыктап, мамлекетке, элге кайтарууда. Бул факт ага дагы бир жолу далил.

Кызык, Медеткан Шеримкулович «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку наамын алып жатканда, биртке болсо да уялып, бети чымырап, ушул имарат эсине келди болду экен? Тилекке каршы, бул КР Баатыры наамы бар адамдын жасачу жоругу эмес!

Башка да КР Баатырларынын ушундай мыйзамсыз менчиктери болсо, УКМКнын колу жетишин күтүп отурбай, кеч болсо да уяттарына келишип, мамлекетке өткөрүп беришсин!