“Акыркы күндөрү айрым саясатчылар өлкөдө референдум болот, парламент тарайт, депутаттардын саны кыскарат деген сөздөрдү таратууда. Мунун баары суу кечпеген сөздөр. Алдыда жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болот. Аны татыктуу, таза өткөрүшүбүз керек”, — деди ал. 

Мындан тышкары, Нурланбек Шакиев дин чөйрөсүндөгү мыйзам долбоору тууралуу оюн ортого салды:

 - Коомдо динге байланыштуу мыйзам долбоордун тегерегинде талкуулар болуп жатат. Бул талкууларга туура багыт берүү зарыл. Дин мамлекеттен тыш, диний иштерге дагы мамлекет аралашпайт. Мыйзамды Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, аалымдар жазып келишет. "Жоолуктарды чечтирет, дааватты токтотот"- деген кептер тарап жатат. Андай болбойт. Жоолук салынуу салтыбызда болгон. Андан сырткары, дааваттын арты менен аракечтик, баңгилик, сойкулук бир топ терс көрүнүштүн баары жоюлуп келген, бирок бардыгы ирети менен болот.