Анын катарында "Кемпир-Абад" революциясы деп аталганы да бар. Аны ушундай атоону каалаган айрым жарандар бар, мейли, каалагандай атай беришсин. Ызы-чуу чыгарышпаса эле болду.
"Активисттердин" жеңил колу аркылуу массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдануу боюнча кылмыш иши "Кемпир-Абад иши" деп аталып келет. Кимдир бирөөгө башынан эле бул ишти алысты көрө албаган активисттердин жасаган ишин Кемпир-Абад суу сактагычынын келечегине (суу сактагыч эле эмес жалпы Кыргызстандын дагы!) олуттуу тынчсызданууга байланыштыруу абдан пайдалуу болгон. Ошондуктан элди кезектеги толкундоого үгүттөп жатышкандай болушкан. А кесепеттерин ойлонушпаган экен, патриоттук сезимдерге гана курчалып, эч нерсени көрбөй, укпай калышыптыр да.
"Кемпирабадчылардын" үстүнөн жүрүп жаткан процесс (аларды саясий туткун дегенге караганда ушинтип атоо туура) Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда болуп жатат. Иш тараптардын талаш-тартышына да келип жетти. Мамлекеттик айыптоочулар ар бир айыпталуучуга (алардын жалпы саны 27) 20 жылга эркинен ажыратууну сурашты. Катаалбы? Жок, так өзү.
Айыпталуучулар жана алардын тарапташтары - нес абалда жана кайгыда. Кайрадан авторитардык жана демократиясыз өлкө тууралуу, сөз эркиндиги жоктугун, негизгисиз репрессияларды айтып башташты... А чындыгында аларга популярдуу кыргыз оюнун - революцияны ойноого мүмкүнчүлүк беришпеди. Алардын нааразычылыгынын өзөгү ушунда: баарына боло берет дагы, бизге болбойбу?!
Революция - аныгында акаевдик убактан берки белгилүү кызык нерсе. Ал дайыма бир так жазылган сценарий менен ишке ашып келген. Кайсы бир "элдик жактоочулар" (чындыгында өзүнүн жеке амбициясын ишке ашыргысы келген бир ууч адамдар) шылтоо таап, элди "кетсин" ж.б. бийликке каршы ураандар менен көчөгө чыгууга түртөт. Кыргызстандын эли революцияга жакын, аны менен катар чынчыл жана карапайым. Анан абдан патриот. Кээде бийик трибунадан "Ата-Мекен коркунучта!" деп кыйкырып коюу эле жетиштүү, андан ары эл терең түшүнүүгө аракеттенбей эле, кырдаалда анализдебей туруп, ойсуз, аеосуз тополоңду баштоого даяр.
Кукловоддор - манипуляторлор болсо элдин артында туруп, алаканын ушалап, жалпы нандын эң чоң кесимин жулуп алууга умтулушат.
Мындай көрүнүш бир нече жолу болду. Анан ар бир мамлекеттик төңкөрүштү эмнегедир революция деп аташты. Кандай революция? Революция болгондо коомдук түзүлүштө, жашоо тартибинде өзгөрүү болот. Өнүгүүнү көздөй секирик болот. Эмнеден улам биздин революционерлер революцияны чоң капчыктын бир колдон экинчи колго өтүшү деп кабыл алып калышкан? Аларга жок идея үчүн ок алдына өзүн тоскон уландардын өмүрү менен ойноого ким укук берди?
Президенттер кол каптай эле алмашты. Акаев-Бакиев-Атамбаев-Жээнбеков... Мамлекет дагы өзгөрдү, ар бир төңкөрүштөн кийин улам ылдыйкы тепкичке түштү. Дегредация менен регресс - бул революция эмес. Тоталдык коррупция, криминал бийлиги, толук хаос - бул революция эмес.
Баарынан жаманы, өлкө мамлекеттик төңкөрүш режиминде жашоого көнүп алды. Биз стабилдүүлүк жана нормалдуу өнүгүү эмне экенин унуттук. Биз чек аралар боюнча тынымсыз көйгөйлөрдүн жана коңшулар менен чыңалган мамилелердин абалында жашаганга көнүп калганбыз. “Революциянын башталышы бар, ал эми революциянын аягы жок” – бул Кыргызстан жөнүндө. Өз чөнтөгүн толтурган кээ бир адамдар такай кулатылып, ордуна башкалары отургузулган өлкө жөнүндө. Бир аз компетенттүү көрүнгөн менен алар мамлекетти кантип башкарууну түшүнүшпөйт, бирок элдин эсебинен кыска убакыттын ичинде акча жасаганды жакшы билишет.
Кемпир-Абад боюнча да ушундай болду. Көптөгөн кыргызстандыктар тажрыйбалуу “революционерлердин” чакырыгына жооп берип, суу сактагыч үчүн туруп берүүгө даяр болушкан, бирок булардын баары жалындуу сөздөрдө гана калды. Деги эле Кемпир-Абад суу сактагычы кандай? Ал кайда жайгашкан? Кимге, эмне үчүн, кандай шартта өткөрүп берип жатышат? Бул суроолордун жообу карапайым кыргызстандыктардын бирисин да кызыктырбады. Болгону төңкөрүш жасоону каалагандар: «О, эл-журт, булар кыргыздын жерлерин өзбектерге берип, чыккынчылык кылып жатышат!» – деп кыйкырышты.
Анан башталды...
Тагыраак айтканда, аз жерден башталып кете жаздады. Эгемендиктин тарыхында биринчи жолу бийлик саясий эркти көрсөтүп, кезектеги массалык башаламандык жасоо аракетине балта чапты. Айтмакчы, бул төңкөрүш эгер ишке ашса, аягы мурункулардан да жаман бүтүшү мүмкүн эле. “Кемпир-Абадчыл революционерлердин” аракети Кыргызстан менен Өзбекстандын согушуна алып келмек.
Олуттуу мамлекеттер аралык чыр-чатакты өлкөнүн "биринчи" жүздөрү өз убагында алдын алып калды. Мамлекет биринчи жолу укук коргоочулардан, батышчыл бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн, «көз карандысыз» журналисттерден корккон жок, алар Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди диктатор, тиран жана узурпатор деп жек көрүп, болуучу башаламандыктын башкы шыкакчыларын камакка алгандары үчүн айыпташты.Жыйынтыгында, Кыргызстан Украинанын деңгээлине түшкөн жок жана өзбек кошунасын ишенимдүү өнөктөш жана союздаш категориясына көтөрдү. Аны менен катар суу сактагычты жоготуп албадык, чогуу башкарып жатабыз.
Соттун чечими кандай болоорун жакында билебиз. Айыпталуучулар дагы көпкө ызы-чуу салып, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууга аракеттенишет. Көкүрөгүн койгулашат жана аларды саясий негизде соттошту деген жөө жомокторун чыгарышат. Аларга инерция боюнча кимдир бирөө боору ачышы да мүмкүн. Бирок жасалма революциялар ушуну менен Кыргызстанда жок кылынды. "Саясий туткундар" да жок болчу. Анткени бул конкреттүү окуяда эч кандай саясат жок. Таза экстремизм гана бар.