Президент Садыр Жапаров 18-19-апрель күндөрү Казакстанга расмий сапар менен бараарын Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев билдирди.
Ал визиттин алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жыйынын өткөрүшөөрүн белгиледи. Айтымында, анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат.
Андан тышкары, Садыр Жапаров Астанада Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышына жана пландалган бир катар иш-чараларга катышат.