Ири коррупциялык схема уюштурууга шектелип, издөө жарыяланган Раимбек Матраимовго байланышы бар ЖК депутаттары дагы мандатын тапшырышы керек? Бул суроо учурда коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Бул айрыкча, Матраимовго байланышы бар бир катар мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кеткенден кийин күчөдү. Коомчулук "матраимовдук кландын" тамырын кыркуу ар кандай даражадагы мамлекеттик кызматкерлер менен гана чектелип калбай, парламентке ал аркылуу депутат болуп келгендерге да тиешеси болушу керек дейт. 

Жакында бул суроого "Супер ТВ" телеканалына бир катар эл өкүлдөрү жооп беришкен. Алар эл тарабынан шайланып келген депутаттар экенин баса белгилешип, "эл берген мандатты эл өзү гана ала алат" дегенге токтолушкан. 

Айсулуу Мамашева: 

- Кимдин Матраимов менен катышы бар, кимдин катышы жок, ал тууралуу менде маалымат жок. Эгерде депутаттардын артында кылмыш иши бар болсо, ал сөзсүз кетиши керек. Кылмыш иши болбосо, ал элдин өкүлү, артында эл турат. 

Улан Примов: 

- Депутаттар эл тарабынан шайланып келишкен. Мандат эл тарабынан берилген. Конституцияда так көрсөтүлгөн: мандат кайсы убакта алынаары. 

Айбек Осмонов: 

- Мен бир мандаттуу округдан элдин добушу менен шайланып келдим. Мыйзам алдында талапкер болуп. Бизге мандатты эл берди. Эл бергенден кийин эл алат. 

Алишер Козуев: 

- Эл өкүлү болуп элдин атынан келгенден кийин кайсы деңгээлде күнөөсү болбосун, мыйзам чегинде жооп бериши керек. Мен буга чейин да айткам, азыр да айтам: Матраимовду гана эмес, анын үй-бүлөсүн да тааныйм. Анткени кошуна айылда, бир айыл өкмөтүндө чоңойгонбуз. Жаш кезибизден таанышпыз. Той-ашта, жакшылык-жамандыкта жолугуп калабыз. Жеке мамилебиз жок, жердеш катары ага-ини катары тааныйм. 

Алишер Эрбаев: 

- Искендер Матраимовду 25 миң киши шайлаганбыз деп тарапташтары айтып жатат. Мыйзам иштеш керек. Конституцияда, Регламентте депутат кайсы убакта ыйгарым укуктарын жыйыштыраары айтылган. Депутат айткан сөзүнөн же берген добушунан улам ыңгайсыз шарттарга, куугунтукка кабылбашы керек. 

Жогорудагы эл өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү кандай жагдай болбосун элдин атына жамынаарын айгинелеп турат. Ар бир сөзүндө эл деп баса белгилешкени менен алар ошол элдин каалоо-пикирин канчалык деңгээлде сыйлашат? Анткени, соцтармактардагы кыргыз сегментинин колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү бүгүнкү парламенттин ишмердүүлүгүнө канааттанышпайт. Ошол эле Матраимовго байланышы бар депутаттардын мандатын алуу боюнча талкууга пикир калтыргандардын көбү аны туура деп эсептешет. 

Мисалы: 

Абдылдабек Жумашев

Мен туптон же сузактан да эмесмин калыстык учун айтыш керек эки доске жакшы иштеп бара жатат элибизде ынтымак олкобуздо тычтык болсун!

Раимдин клааны сынса бул чыныгы коррупцияга каршы куроштун белгиси болот

Замир Джанов

Матраимов Искендердин депутаттык мандаты тезинен алынууга тийиш.

Кайыргуль Алымбекова

ЖК да отурушпайбы шакирттери алгыла бардыгынын мандатын.

Бекмаматов Канат

Алишер Козуев дагы кетсин,Райымдын кошелегу

Куба Урузалиев

Ушулардын баары мандаттарын тапшырышса , коррупция менен адилеттүү күрөш жүрүп жатат деп эсептейбиз. Бир кана Раим Матраимов менен күрөшүү адилетсиз деп ойлойм.

Амат Тажиматов

Жемкордун эки баласы да кетишсин мандаттарын тапшырып!

@user-qt2dh8yn9f

Эл шайлаган деп элге шылташат.

@qwerasdf8014

Алыш керек мандатын тазалануу болуш керекда

@user-go6ot3uv6p

Эл бербей эле коррупционный схема иштеген.

@user-xq7rp7un4m

Ооба,тандаса эл тандады,анын жакыны кимдер,ким менен байланышы кучтуу,кимден батаа алган билбейт да .Элгешылтап койгула мен эмес мен эмес деп.

@user-jj7ef5cj2o

Ушул депутаттарды жарымын Эл шайласа жарымы матраимов аркылуу шайланган

@user-jj7ef5cj2o

Булар элге эмне кылып койду ар кимиси бизнестерин коргоо учун келген калп эле Эл шайланган деп жандарын жеп жатат

@user-jl7cv3ry5r

Раим Матраимовго байланышы барларды мандатын алганы эң туура маселе моралдык укугу жок кыйналбай кете бергиле өз уятпр менен жаешы болот. Бийликти колдойбуз алга.

(Пикирлер өзгөртүүсүз берилди)

Жогоруда "эл берген мандатын өзү гана ала алат" дегенге таянган эл өкүлдөрү эгерде эл Матраимовдун кланынын тазаланышын каалап жатса, "элдин каалоосун сыйлайм" деп мандатын тапшырууга эрки жетеби? Тагыраак айтканда, Матраимов "берген" мандатты?..

 

  •  
  •