Садыр Жапаров экинчи президенттик мөөнөткө баруу үчүн келерки президенттик шайлоодо талапкерлигин коет. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагозов 24.kg маалымат агенттигине билдирген.
Айтымында, узак мөөнөттүү эл аралык долбоорлор ишке ашырылып жана пландаштырылып жатканын эске алганда, Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөткө баруусу саясаттагы ырааттуу кадам болот.
Эске салсак, буга чейин Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президенттин экинчи мөөнөткө бараарын айткан.