Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришкенине үч жыл болду. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүнүн мамлекеттин алдыга жылуусуна тийгизген таасирин айтып берди.
"Садыр Жапаров мындан 3 жыл мурда президент болуп шайланды. Иннаугурацияда ант берди, ишке киришти. Биз 15 жарлык даярдаган элек, эртеси күнү эле аларга кол койду. Ант бергенден кийинки ишинин экинчи этабы: ыкчам түрдө токтоосуз кошуна өлкөлөр менен болгон мамилени жөнгө салышы керек эле. Айрыкча Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия мамлекеттери менен мамилебиз дээрлик ылдыйга түшүп калган. Бизге көп ишенич болбой турган учур болчу. Садыр Жапаровдун элдин 80 пайыздан ашуун добушу менен шайланышы баарын ойго салды. Көптөгөн консультациялар жүрдү, алардан көптөгөн өкүлдөр келип, мени менен, президент менен жана башка структуралар менен жолугушуп жатышты. Алар эмнени көрдү? Садыр Жапаров бийликке келээри менен өлкөнү акырын, курч саясий талаш-тартышы жок укуктук талаага киргизип кеткенин.
Ал учурда биз менен эч ким эсептешпей калган, каалаганда чек арасын ачып, кааласа жаап, суу, транспорт маселеси күчөгөн. Мындан улам президент кошуна өлкөлөрдүн жетекчилери менен өзүнүн демилгеси менен албетте, ошол кездеги ТИМ министри Руслан Казакбаев менен кеңешкенден кийин бейформал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өттү. Алдыда чек араны сактап, кирип-чыгуу, туризм маселелерин тартибинде калтырыш керек болчу. Мына, ушунун баарын борборлоштуруп, тегерегинде чогулта алганы Садыр Жапаровдун ийгилиги болду", - деди Сүйүнбек Касмамбетов.