Журналист Шамурза Борукулов Садыр Жапаровдун президент болуп шайлангандан бери өткөн 3 жылдын ичинде өлкөдө кандай өзгөрүүлөр орун алганын айтып берди.

"Садыр Жапаров менен Камчы Ташиев кыргыз элинин бактысына жаралган азаматтар экен. Кудайга миң мертебе шүгүр, эки досту эл башына келип калышына жол ачкан. Болуп жаткан иштердин кайсыл бирин санайын, толуп жатпайбы.

Мурдагы эч бир бийликтин маалында болбогон иштер азыр аткарылып жатат. Эң башкысы буларга элдин ишеничи чоң, көңүлдөрү ток. Мурда "кандай болуп кетет экенбиз, балдарыбыздын келечеги эмне болот" деген ойлор уйку бербей түйшөлтүп келсе, азыр андай эмес. Эки дос өлкөнү көп жылдарга башкарсын деген тилек бар. Бирок кемчилдиктер да жок эмес.

1. Арабкулдардын күч алып кетиши, дин маселесинин аша чаап баратканы тынчыбызды алат. Окуучу балдар да мечиттерге каттап калышты. Аллахтан башканы билбеген сабатсыз жаштардын армиясы өсүп келе жатат. Ушул маселеге да көңүл буруп коюшса жакшы болот эле. 

2. 2010 -жылдагы 7 -апрель, Ош коогалаңын иликтөө аягына чыгарылбай жатканы.

3. Бакиевди өлкөгө чакыра алышпай, Акаевден, Атамбаевден кем кылышып, Бакиевди колдогондордун үнүн укпай жатышканы. Ушул маселеде элди эки бөлүп акыйкатсыз башкаргандай туюлат.

Бирок жакшы иштери көп, ошондуктан булардан башка өлкө башына башка бирөөлөр келишин каалабайм. Садыр Жапаров тууралуу суроо берсең эки дос деп жооп берип жатканымдын себеби, мен эки досту эки башка элестете албайм. Эки дос көп да жылдарга алмак-салмак өлкөбүздү да башкарышсын деп тилейм", - деди Шамурза Борукулов.