Экс-депутат, коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев Садыр Жапаровдун президенттик ишмердүүлүгүнүн үч жылы тууралуу пикирин билдирди. 

- Мен үч жылды эмес, акыркы бир жылдыгын эле айтсам, Кыргызстанда канчалык өзгөрүү болуп жатканын сокур да көрүп, дүлөк да угууда. Көргүсү келбегендер гана көргөн жок. Кыргызда макал бар: "Күн көрбөгөн күндүз чыгат жагат". Күн тийип турса дагы, "эч нерсе көрбөй жатам" деп чырак, шам жаккандар арабызда бар. Анан ошол соцтармактардагы жакшы нерсени көргүсү келбей, негатив жазгандарды окуп алып, ошону ээрчигендер да болуп жатпайбы. Бирок элдин калың катмары соцтармак менен иштери жок, алар өздөрүнүн туюумуна, көрүп, күбө болуп жатканына карап тыянак чыгарып, өлкө башчыбызды чын дилден колдошууда. Минтип ишенимдүү айтканымдын себеби, мен Кыргызстанды түрө кыдырган адаммын, жүрбөгөн жерим жок. Ошондуктан элдин пикири, көз карашы менен жакшы таанышмын. 

Башканы кой, канча деген жол оңдолду, абамайдандар салынып жатат. Ушуга чейин ким абамайдандарга көңүл бурду эле? 

Эң негизгиси, президент Садыр Жапаров башында туруп Акылбек Үсөнбекович экономика, Нурлан Шакиев мыйзам чыгарууну, Камчыбек Кыдыршаевич тартип жагын кармап, төртөө бир команда болуп иштеп жатышпайбы. Кыргызстанда бийлик башында азыркыдай бириккен команда эч убакта болгон эмес.

Коррупцияга белчебизден батыптырбыз, чиркин. Кармалгандар түгөнбөй койду!.. Кармалгандардын көбү Жалал-Абаддан, орусча айтканда "бей своих чтобы чужие боялись". 

Азыркы бийлик көңүл бурбаган бир дагы тармак калган жок. Пенсия, жөлөкпул, мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнүн унутуп калабызбы? 

Эки күндүн биринде президент ар бир жаралган маселе боюнча агынан жарылган маек берип жатат. Бүгүн эле дары көйгөйү боюнча олуттуу маселелер көтөрүлдү. Ошону колдон-буттан алып жардам бергендин ордуна фейк-аккаунттар тосуп алып, буттан чалганга аракет кылып жатышат. Бирок ал аракетинен эч кандай майнап чыкпайт. Анткени, калктын калың катмары өлкө башчыбыздын саясатын колдойт. 

Кыскартып айтканда, бул бийликтин 3 жылы мурдагылардын 10 жылына татыктуу болуп жатат. Садыр Жапаровдун дагы бир жакшы нерсеси - шайлоолорго мугалимдерди аралаштырбаганы. Ушундай жакшы иштердин баары элдин көз алдында. Азаматтар күнү-түнү чапкылап иштеп жатышат. Ийгилик! Буйруса, Кыргызстан бутунан турат. Ал эми жакшы нерсени көргүсү келбегендер, негатив жазып-жазып кала беришет...