К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев Садыр Жапаровдун бийликтеги үч жылы тууралуу пикирин билдирди.
- Президентибиз Садыр Жапаровдун өзгөчө маданият тармагына жардам, чоң колдоо көрсөтүп жатканы бизди кубандырууда. Маданият кызматкерлеринин эмгеги бааланып сыйлыктар берилип жатат, эмгек акысы абдан жакшы көбөйдү. Студенттердин стипендиясы көтөрүлдү. Элдин курсагын тойгузса болот, ал эми жан дүйнөнү тойгузуу көп нерсени талап кыла турган нерсе.
Өзгөчө биздин улуттук консерваториябызда 2023-жылы өтө чоң жаңылык болду. Мен 30 жылдан бери өкмөтүбүзгө кат жазып, суранып жүргөн “Стейнвейн” аттуу роялды былтыр Россиядан алдырдык. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Маданият министрлиги 25 млн сом бөлүп берип, биз 24, 8 млн сомго ушул жүздөгөн жылдарга чейин биздин маданиятыбызга кызмат кылып бере турган, баалуу аспапты алдык. Мурун дүйнөгө белгилүү музыканттарды чакыргандан уялчу элем. Анткени, алар ямаханы ойногондон же ырдоодон баш тартып койгон учурлары болгон. Эми болсо, алыскы өлкөлөрдөгү кесиптештерибизди тажрыйба алмашуу үчүн башыбызды бийик көтөрүп, сыймыктануу менен чакыра алабыз. Мындай роялга ээ болгондогу кубанычыбызды айтып берүүгө тил жетпейт. Консерваториясы бар мамлекеттин музыкасынын келечеги жарык. Анткени, консерватория гана профессионал музыканттарды тарбиялап чыгарат. Ошондуктан мамлекеттин искусствого, маданиятка көңүл бөлгөнү – демек, андай улут өнүп-өсүп, бийиктеп, түбөлүгү түз болорунан кабар берет.