Обончу, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун ректору Түмөнбай Колдошов Садыр Жапаровдун бийликтеги үч жылында аткарылган иштер тууралуу пикирин билдирди.
- Президентибиздин бийликке келгенине үч жыл болуптур. Бул жылдар аралыгында мамлекетти өнүктүрүүгө болгон бир топ иш-аракеттер жасалганын эч ким тана албайт. Жумуш болгон жерде кемчилик сөзсүз кетет. Аны мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алыш керек. Кыргызстанда республика боюнча маданият адамдарынын айлыгын көтөрүп, бүтүндөй маданият мекемелерине каражат бөлүп бергени өтө чоң алкоого татый турган зор иш экенин ушул тармагынын өкүлү катары айткым келет. Саясий ишмердүүлүгүнө, мамлекетке жасап аткан башка иш аракеттерин да колдойм. Бирок ушул эки чоң иш аракетине өзгөчө басым жасагым келет. Мисалы, биздин университетибизге да биринчи жолу аккордеондор, пианинолор, камералар алынганы үчүн терибизге батпай сүйүнүп жатабыз. Ажобуз маданият тармагы дотацияда отурат деп койбостон, маданият адамдары менен иштешип жатат. Демек, адамдын ички маданияты калыптангандан кийин калган процесстер өз жолуна түшүп кетет деп ойлойм.
Үч жылдык убакыт кылымдык ченем менен караганда бир ууч мезгил болуп калат. Ошого карабай республикабызда мыкты иштерди жасап үлгүрүүдө. Эли саясатташкан коомдо жетекчи болуунун өзү оор экендигин бүгүн Президент да сезип турат деп ойлойм. Ажо буюрса, мөөнөтү аяктаганга чейин дагы бир топ чоң-чоң иштерди жасайт деп ишенем. Кызматка келген адамдарга мөөнөт берилгенден кийин мөөнөттүн аягына чейин күтө билүүнү дагы үйрөнүшүбүз керек. Мөөнөт бүтүп атканда сурап ала турган дагы сурооолорубуз бар. Бирок азыр ошол иш аракеттер толук ишке ашканга чейин күтө билишибиз керек. Албетте, “эл менен акылдашып, кеңешип, элдин сөзүн уккан жол башчы адашпайт” деген кеп бар. Президентибиз эл наркын баалаган инсан экендигинен шегибиз жок.