Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде өлкөдөгү айрым маалымат каражаттарынын жана интернет-редакцияларынын журналисттеринин суракка чакырылышы жана камалышы тууралуу пикирин билдирген. 

"Алгач «24.kg» ишине токтолсом. Мага маалымдалгандай, аталган интернет-басылмасынын редакциясында ыкчам-иликтөө иш-чаралары КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси боюнча («Согушту пропагандалоо») козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн. Сурактан кийин ошол эле күнү бул редакциянын кызматкерлери бошотулган. Тергөө амалдары жүрүүдө. Өлкөнүн мыйзамдарында белгиленген тийиштүү жол-жоболордон өтүшү керек", - деген президент.

Ошондой эле,  масс-медиа менен кызматташкан бир катар чет элдик уюмдар жана эл аралык институттардын өкүлдөрүнүн Кыргызстандын бийлигин камактагы журналисттерди тез арада бошотууга чакырган билдирүүлөрүнө токтолгон. 

"Биринчиден, кармалгандар кесипкөй журналисттер эмес. Алар социалдык тармактарды пайдаланып, ар кандай, анын ичинде өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган маалыматтарды жоопкерчиликсиздик менен жарыялаган блогерлер.

Экинчиден, ар бир укуктук мамлекеттегидей эле, Кыргыз Республикасында дагы мыйзам алдында жоопкерчилик бар. Буга байланыштуу ар бир адам, биринчи кезекте өзүн журналист жана блогер эсептегендер маалыматтын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш.

Айрым блогерлер жана активисттер жалган маалыматтарды ачыктан-ачык жайылткан учурларга биз көп ирет күбө болдук. Көбүнесе аймактык, диний жана улуттар аралык кастыкты атайылап же аңдабастан козутуу аракеттери, конституцияга каршы аракеттерге жана башаламандыктарга чакырыктар болгон", - деген Садыр Жапаров.

"Кармалган кыргызстандыктарга карата кандай айыптар тагылууда?" - деген суроого мындайча жооп берген: 

"КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, так ушул учур боюнча, Тажибек кызы Махабаттын видео кайрылууларында массалык башаламандыктарга чакыруу белгилеринин бар экендиги аныкталган, бул КР Кылмыш-жаза кодексинин 78-беренесинин 3-бөлүгүнө туура келет.

Азыркы тынчы жок жана башаламан мезгилде сөз эркиндиги жоопкерчилик менен тыгыз байланышкан. Бүгүнкү күнү демократиялык жактан өнүккөн деп айтууга боло турган өлкөлөр саясий максаттарга жетүү жана коомду туруксуздаштыруу үчүн сөз эркиндигин колдонуп жаткандарга карата азыртан чектөөлөрдү киргизип жатышат.

Биз буга байланыштуу алдын алуу чараларын көрүүгө мажбурбуз, анткени бул өлкөнүн улуттук коопсуздугуна түздөн-түз тийиштүү.

Мына ушул жерде мен Европа Кеңешинин мүчө-мамлекеттери тарабынан кабыл алынган (1950-жылы 4-ноябрда) Адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө конвенциянын айрым жоболорун келтиргим келет. Алсак, «Сөз эркиндиги» деп аталган 10-берененин 2-пунктунда улуттук коопсуздуктун, аймактык бүтүндүктүн же коомдук тартиптин таламдарына байланыштуу мамлекеттин сөз эркиндигин айрым чектөөлөргө укуктары камтылган. Жөнөкөй тил менен айтканда, демократиялык коомдо башаламандыктардын же кылмыштардын алдын алуу максатында мыйзамда каралган чектөөлөр же санкциялар болобу, белгилүү бир формалдуулуктар болушу зарыл.

Эми бардык тергөө иш-чараларынын аягына чыгышын күтөлү".