Соцтармакка президент Садыр Жапаровдун уулунун Өзбекстан жарандары менен түшкөн сүрөтү жарыяланган. Президенттин мурдагы басма сөз катчысы Нургазы Анаркулов бул боюнча пикирин билдирди.
"Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун уулу Рустамдын Өзбекстандын криминалдык чөйрөсүнүн өкүлдөрү делген адамдар менен түшкөн сүрөтү соцтармакка жарыяланып, бул коомчулукта кандайдыр бир резонанс жаратты.
Биринчиден, булак белгилегендей, "Салимбай" деп таанылган Салим Абдувалиев Өзбекстанга жана анын чегинен тышкаркы жерлерде дагы ишкер катары белгилүү, бул анын бизнес жана өндүрүштүк тармактагы кызыкчылыгынын кеңири экенин билдирет.
Экинчи маанилүү учур. Кайрадан баштапкы булакка таянсак, бул жолугушуунун демилгечилери, өзбек тарап жазгандай "белгилүү өзбек ишкери жана кримавторитети Салим Абдувалиевдин жан-жөкөрлөрүнүн бири" болгон.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин өзбек кримавторитети Салимбай байбачага "Кыргызстандын мамлекеттик бийлигиндеги эки адамды жок кылуу" өтүнүчү менен кайрылганы ачыкка чыгып турган кезде, бул жолугушуу президенттин уулун "атуу тапшырыгы" түшкөнү тууралуу кабардар кылуу үчүн уюштурулган деген ойго да түртөт.
Буга негиз - жогоруда айтылгандай, жолугушуунун демилгечиси өзбек тарап болгон деген баштапкы булактын маалыматы болуп берет.
Алар президентке карата жасалып жаткан аракеттер тууралуу кабардар кылып, аны менен алдыда мындай кайрылууларга жол бербесин деп эскерткиси келгендир...
Кандай болгон учурда дагы болуп өткөн жолугушуунун бардык себептерин кылдат карап көрсөк, анда так ушул тыянак ылайык болууда...
Эгерде жолугушкандардын башка максаты болсо, анда ал сөзсүз ачыкка чыгып, калың элге тарамак.
Ошондуктан булак келтирген жүйөлөргө таянсак, бул жерде криминалдуу эч нерсе жок. Болушу да мүмкүн эмес", - деп жазды Нургазы Анаркулов.