2020-жылдын 5-октябрына чейин соцтармактарда, маалымат каражаттарында, 2-3 адамдын башы кошулган жерлерде "бюджетти тоногон ууруларды камабайт, кустурбайт", "айлык аз", "жолубуз начар", "кылмышкерлер бийликке келишип, карапайым элге жашоо бербей жатат", "мыйзам  менен эмес, түшүнүк менен жашап калдык", "баарын камаш керек, Сталиндей адам керек" ж.б. күдүңдөп сүйлөшкөндөрдү угат элек, окучубуз, жазат болчубуз.
Ошол элдин үнү Жаратканга жетип, камырдай жууруп тарбиялап, ысык-сууука чыдагыдай кылып ийлеп туруп Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевичи жөнөттү. Алар баштарын канжыгага байлап, мамлекеттин жаркын келечеги үчүн, "элибиздин үмүтүн аткаралы, бузулганды оңдойлу, чачылганды жыйнайлы,тонолгонду чогулталы, тоскоол кылганды токтотолу, мыйзам талаасына алып келели" дешип аракетин баштаган. Ошондой чечкиндүү аракеттин аркасында эбегейсиз ийгиликтер жаралып, эл ырыскысын жеген жемкорлор, адам өмүрү менен ойногон ОПГлар ж.б. зыянкечтер кармалып, келтирген зыяндарын кайтарышты.

Андан сырткары, ОПГнын, ошол мезгилде бийликте отурган ууру-чиновниктердин арам акчаларын адалдап, алардын артынан мыйзамсыз байыган бизнесмен болумуштар да  өз жазаларын алып, элдин ырыскысын бюджетке кайтарышууда. 
Президентибиз Садыр Нургожоевичтин жана генералыбыз Камчыбек Кыдыршаевичтин жогорудагыда айтылгандай чечкиндүү кадамдары ошол камалган ууруларга, ал уурулардын акырынан жем жеген катмарларга жакпай, 3 жыл мурунку айтылган "тазаланыш керек" деген сөздөрүн унутушкандай.

Урматтуулар, азыркы учурда жаңылануу менен эски түшүнүктөрдүн күрөшү жүрүп жатат. Мамлекетте канчалык жакшы иштер жасалганы менен, аны жокко чыгарып, бийликке көлөкө түшүргүсү келген мурдагылар каралоо кампанияларын уюштуруу менен алек. 

“Мурдагылар” деген кимдер? 

30 жыл бийликте отуруп, мамлекетти тоноп байыгандар, бийликтеги "крышаларына" таянып мыйзамсыз бизнес кылгандар, салык, бажыны тоногондор, уюшкан кылмыш топторун түзүп ишкерлерди карактагандар. Булар мурдагыдай мыйзамсыз аракеттерин жүргүзө албай калышты, бир тобу уурдап чогултканын мамлекетке кайтарды. Арамдан чогултканын алдырып жибергендер ичи ачышып, кайра бийликке келүү амалын издешүүдө. 

Кыргызстан эгемендик алган 30 жыл ичинде өлкөнү башкарган президенттер мамлекетти кандай деңгээлге жеткирди, цифралар далил. 

1991-2020-жылдар аралыгында тышкы карыз 5 миллиард доллардан ашты. Бул аралыкта карыз гана алышкан, төлөгөн эмес. Төлөө мөөнөтү эми ушул учурга туш келүүдө. 

Бул бийлик 2021-жылы келгенден тарта, 30 жылдан бери топтолгон, мурдагылар жеп салган мамлекеттин тышкы карызды жаап баштады. Ага жетиштүү каражат топтоп койду, коркунучу жок. Мурда кантип төлөйбүз деп башыбызды оорутчу элек. 
Кыргызстандын бюджети 557 миллиард сомдон ашты.  

Мурдагылар 30 жылда 180 миллиардга жеткирсе, азыркы бийлик 3 жылда 570 миллиарддан ашырды. Чек арачылар азыр 80 000 сомдон ашык айлык алат. 

Мына ушул айырмачылыкты салыштырып, азыркы бийликке бут тосуп жаткан мурдагылардын эскичил көз караштарына, эски түшүнүктөрүнө баарыбыз чогуу каршы туруп күрөшүүбүз керек. Азыркылардын аракетинин натыйжалары эселеп көрүнүп жатат, буларга жардам берели. Ар кайсы бузукуларды ээрчибейли!
Ал бузукуларды ээрчигендер адашат!

 

Шүкүрбек Эркебаев, коомдук ишмер