Кыргызстанда интимдик кызмат көрсөткөн жайлардын ишин токтотуу боюнча катуу иштер жүрүүдө. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Москва районундагы бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында белгиледи.
Ал мыйзамсыз интимдик кызмат көрсөтүүчү жайлардын ишин бөгөттөө боюнча оор иштер жүрүп жаткандыгын, анын алкагында жакында эле Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгынын 8- шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси жана Биринчи Май районунун акими жумуштан алынып, 10го жакын милиция кызматкерлерине, мэрия жана УКМКнын айрым кызматкерлерине катуу чаралар көрүлгөнүн маалымдады.
Ошондой эле, өлкөдө укук тартибин чыңдоо, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу жана коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу коопсуздук кызматкерлеринин башкы милдети экенин кошумчалады. Аны менен катар төрага өлкө аймагындагы ири жана чакан базарларда жерге болгон ижара акылары 30 пайыздан 50 пайызга чейин төмөндөтүлгөнүн белгиледи. Деген менен базарлардагы шарттар канааттандырарлык эмес экени айтылып, ички башаламандыктарды жоюу, соодагерлерге керектүү шарттарды түзүп берүү жана инфраструктураны жакшыртуу талабы күчүндө тургандыгы айтылды.
Мындан тышкары генерал-лейтенат Камчыбек Ташиев коопсуздук кызматкерлерине 2023-жылдын акыркы чоң тапшырмаларынын бири катары күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу талабын койду. Анткени насыяга акча берүүчү күрөөканалардын кызматын карапайым адамдар пайдаланып, алардын жогорку пайыздык үстөк кошууларын төлөй албай, жабыркап, турак жайынан, мал-мүлкүнөн ажырап жаткандыгы айтылды. Андыктан төрага Улуттук банкты өлкөдөгү күрөөканалардын ишмердүүлүгүн лицензия боюнча текшерүүгө алууга чакырып, ар бир күрөөкана үстөк пайызын 30 пайыздан ашырбоосу керектигин билгиледи. Талапка баш ийбеген күрөөкана ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди.