Президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда чек ара маселеси тууралуу суроого жооп берди. Ал чек ара өтө кылдат маселе болгондуктан, жашырынып чечүү мүмкүн эместигин белгиледи. 

"Билбей эле кыйкырып чыга бербегиле. Чек ара оюнчук маселе эмес, ал туура эмес чечилип калса кыргыз түбөлүк каргап өтө турган маселе. Ошондуктан жашырынып чечпейбиз", - деген президент маселенин тереңин түшүнбөй эле ызы-чуу салуунун кесепети кандай болоорун Ат-Башыдагы логистикалык борбордун мисалында айтып берди. 

"2019-жылы Ат-Башыга логистикалык борбор курулат дегенде эл каршы чыгып, кубалап жиберишкен. Мен анда түрмөдө болчумун, эл чыкса жөн чыкпайт, туура маселе окшойт деп ойлогом. Кийин бийликке келгенден кийин ири долбоорлорду иликтеп, тийиштүү адистерди чакырып, суроолорго жооп алып жатып билдим: көрсө, логистикалык борбор 100 пайыз бизге пайда алып келмек экен. Ал салынса тиш чукугучтан баштап көптөгөн продукциялар чыгып, товарлар бизден Орто Азияга тарамак. Жалпы Нарын эли жумуш менен камсыз болмок. Аны билгенден кийин Ат-Башыга, элге бардым. Эмнеге каршы болушканын сурасам, бир аксакал айтып жатат: "Борбор курулса, чек ара жылып ушул жерге келип калмак" деп. Түбөлүк чекит коюлган чек ара кантип жылмак, эч убакта жылбайт да. Түшүндүргөндөн кийин борборду салууга макул болушту. Бирок аны салам деген чет өлкөлүк инвестор акчасын башка долбоорлорго жумшап жибергенин айтты", - деди президент.