Президент Садыр Жапаров учурда Баткен облусунда эки күндүк иш сапарында жүрөт. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалында кыйратылган эки айыл: Капчыгай менен Достук айылы кайрадан курулуп, ачылыш аземине өлкө башчы катышты.
Белгилей кетсек, эки айылдагы жараксыз абалга кептелген үйлөрдүн ордуна заманбап шарттуу жаңы турак-жайлар курулуп ээлерине тапшырылды. Үйлөрдүн короосу тосулган жана ар бирине таза суу киргизилген. Айылдардын ички жолдоруна асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор да курулду.
"Баткенибиздин баркын убакыт өткөн сайын сезип, туюп жатабыз. Мамлекеттин тынчтыгы, өнүгүшү үчүн аймактардын, айрыкча чек арага жакын жайгашкан облустардын коопсуздугу өтө маанилүү экенин болуп өткөн окуялар көрсөтүп койду. Ошондуктан алыскы, стратегиялык маанидеги аймагыбыздагы чек арабызды бекемдөө, ар тараптуу өнүктүрүү - артыкчылык берген багытыбыз деп болгон көңүлдү буруп жатабыз. Мен Баткендеги кичинекей ийгилик болсо да кубануу менен кабыл алам. "Тамчыдан көл куралат" дегендей мындай жетишкендиктер чогулуп отуруп ири ийгиликке айланат.
Айылдардын курулушу баткендик тургундар, сиздердин мамлекетке болгон колдооңуздардын, ишенимиңиздердин арты менен жасалып жатат", - деди мамлекет башчы.