Мындан ары Кыргызстанда мыйзамдын чегинде гана жашоо болот. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Көк-Жаңгак шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. 

Ал бүгүнкү бийликтин тандаган жолу - өлкөгө мыйзам үстөмдүгүн орнотуу экенин белгиледи. 

"Буга чейин коррупционерлер мамлекеттеги эң урматтуу адамдар болуп калган. Алар мамлекеттик кызматтардын башына келип алып, элдин ырыскысын талап-тоноп, жешкен. Аким, губернатор, министр же башка майлуу кызматтарга максаттуу түрдө "жеш" үчүн барып калышкан. Акча берип ишти бүтүрүп, акча берип мамлекетти тономой кадыресе көрүнүшкө айланып калган. Эми андай болбойт. Мамлекеттик кызматта отуруп алып өлкөнү тоногон, элдин ырыскысын уурдагандарды колуна чаап, түрмөгө камадык. Мындан ары мамлекеттик кызматка келип иштейм дегендердин бир гана максаты болууга тийиш, ал - "элге кызмат кылам". Кызматка келишет, элге, өлкөгө пайдасын тийгизип иштешет. Ар бири мыйзам алдындагы жоопкерчилигин сезип, мыйзамдан коркуп иштеши керек. Мындан ары бул улантылат. Мамлекетте мыйзамдуулук гана болот, мыйзам менен гана жашайбыз. Мыйзамды бузгандар жоопко тартылат, мыйзамды сыйлагандарды мамлекет дагы сыйлайт", - деди Камчыбек Ташиев.