“Түрк мамлекеттер уюму жыл сайын бекемделип, биздин биргелешкен аракеттерибиз менен тарыхый, маданий жана диний жалпылыгынын негизинде маанилүү аймактык бирикме болуп калат деп ишенем”, - деп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) ТМУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын онунчу Саммитинде сөз сүйлөп жатып, билдирди.

Мааракелик Саммиттин ишине ТМУга мүчө Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары жана Байкоочу – Венгрия жана Түркмөнстан мамлекеттеринин лидерлери катышууда.

Иш-чаранын катышуучулары менен саламдашып жатып, Мамлекет башчысы кыргыз тарап жогорку мазмундуу деңгээлде бир катар маанилүү иш-чараларды уюштуруп, Түрк мамлекеттер уюмунун күн тартибин жигердүү илгерилеткен жана Уюмдун алкагында ар кандай тармактардагы кызматташтыктын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылган Өзбекстандын Уюмда жасаган төрагалыгынын жыйынтыктарын жогору бааларын белгиледи. 

“Саммит дүйнөлүк кризистер жана аларды жеңүү үчүн биргелешкен аракеттерди талап кылган, чоң өзгөрүүлөргө туш болгон мезгилде өтүүдө. Ушуга байланыштуу, Уюм тарабынан кабыл алынган «Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040» жана беш жылдык «Түрк мамлекеттер уюмунун стратегиясы» сыяктуу стратегиялык документтердин негизинде өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да илгерилетүүгө жана өнүктүрүүгө тийиш”, - деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, Президент кабыл алып жаткан документтер – Астана Актысы жана Саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясы кызматташтыктын негизги багыттарын камтый турганын белгиледи. Кыргыз Республикасы өз кезегинде алдыга коюлган милдеттерди мындан ары ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

“Бүгүнкү Саммит «TURKTIME» темасында өтүүдө. Түрк кызматташтыгын өнүктүрүүнүн максаттары жана приоритеттери биздин мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясатка шайкеш келерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасы Уюмдун алкагында көп пландуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Биздин түрк өлкөлөрүбүз экономикалык дараметин арттыруу жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү боюнча күч-аракеттерин бириктирүүсү абдан маанилүү”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал Түрк инвестициялык фондунун түзүлгөндүгүн белгилеп, анын ишин баштоо структуралык өзгөрүүлөр маалында өзгөчө актуалдуу, мында бизнестин муктаждыктарын канааттандыруу жана бизнес пландарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каржы рыногунун ар кандай инструменттеринин жеткиликтүүлүгүн сактоо жана кеңейтүү чоң мааниге ээ экендигин кошумчалады.

“Кызматташуунун дагы бир актуалдуу багыты – санариптик трансформациянын алкагында өз ара аракеттенүү. Биздин өлкөдө ишмердиктин 99 түрүн камтыган Креативдүү индустрия паркы түзүлгөн”, - деп, Садыр Жапаров 2024-жылы Кыргызстанда ТМУнун мүчө-мамлекеттеринин Санариптик форумун уюштурууну сунуштады.

Мындан башка Садыр Жапаров ишкердикти колдоону жана өнүктүрүүнү, көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүнү, эл аралык рейтингдерде позицияны жакшыртууну, салыктык башкарууну оптималдаштырууну, ишкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камтыган 2026-жылга чейин Бизнестин ишкердик күн тартиби ишке ашырылып жатканын билдирди. 
 
“Биз бул иште прогресске жетишүү үчүн ар бир кызыкдар катышуучу, ар бир өлкө жана ар бир өнөктөш менен өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз. Бүгүнкү күндө санариптик технологиялар калктын жана бизнестин ыңгайлуу жашоого болгон керектөөлөрүн гана чечпестен, санариптик экономиканын контурларын жана мазмунун аныктайт. Тез өзгөрүп жаткан ааламда почта кызматтары кабарлар менен алмашуу, почта жөнөтүүлөрүн ташуу жана акча которууларды жүргүзүүдө маанилүү ролду ойнойт. Кыргызстан почта кызматтары чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жигердүү иш алып барууда”, - деп, Президент төмөндөтүлгөн тарифтер боюнча почта алмашууну өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу үчүн жумушчу тобун түзүү жолу менен ТМУга мүчө мамлекеттердин дайындалган почта операторлорунун ортосунда кызматташууну демилгелөөнү сунуштады.

Мамлекет башчысы ошондой эле катышуучулардын көңүлүн экономикалык кызматташтык, тактап айтканда түрк өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн жана ишкерлеринин биригүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү сыяктуу багыттарга бурду.

Мындан тышкары, ал Түрк кызматташтык уюмдары –Түрксой, Түрк Академиясы жана Түрк маданияты жана мурасы фондунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да күчөтүүгө жана туристтик индустрияны өнүктүрүү иштерин активдештирүүгө чакырды.

Ушул өңүттө Садыр Жапаров 2025-жылы Улуу Жибек Жолунун бир бутагында жайгашкан Жалал-Абад шаарын Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыялоону сунуштады.

Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров кыргыз тарап 2024-жылы кезектеги саммитти Кыргыз Республикасында кабыл алууга даярдыгын баса белгиледи. 

“Биз Уюмдун ишенимдүү өнүгүшүнө, түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы конструктивдүү жана жемиштүү кызматташтыкты, достук жана ынак коңшулук мамилелерин чыңдоого өз салымыбызды кошууга ар дайым даярбыз”, - деп сөзүн жыйынтыктады.